ЫЗАТ КАНЫБЕКТИН ОРУН БАСАРЫБЫ?

2-октябрда борбордогу “Пава” бильярддык клубу бильярд боюнча Өлкө биринчилигин өткөрдү. “Эркин пирамида” тартибинде өткөн мелдештин байге фонду 50 миң сомду түздү. Жыйынтыгында Кубанычбек Сагындыков жеңип чыкты. Ал финалда келечектен көптү үмүттөндүргөн 15 жашар Ызатбек Раатбековду кыйынчылык менен жеңди. Ызатбек жөнүндө айтсак, ал жаш болсо да Бишкектин чемпиондугун жеңген. Эми минтип чоңдор арасында өлкөнүн вице-чемпиону аталган Ызат дүйнөнү дүңгүрөткөн айтылуу агасы Каныбек Сагынбаевдин жолу менен бараткандай. Кезинде Каныбек 13 жашында Кыргызстандын чемпиону болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Likvidator
2011-10-11 14:55:56
Алга Ызат! Талыкпай эмгектен . Ийгилик каалайм !
0
azamat1992kg
2011-10-13 17:44:24
Ызат Азамат! Кыргыздын атын дүйнөлүк аренага алып чык Каныбек байкени тартып!Ийгилик каалайм!
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан