Өткөн аптада Кытайдын Тайвань аралдарында АФКнын президентинин кубогу үчүн мелдеш аяктады. Өлкөбүздүн чемпиону “Нефтичи” өз тайпасында 2-орунду алып, финалга жетпесе да, “Таза оюну үчүн” (“Fair play”) сыйлыгын алды. Үйүнө ийгиликсиз кайткан команда каржы маселесине кабылып, өлкөбүздүн чемпиондугун таштап кетери тууралуу маалымат тарады. Буга команданын башкы демөөрчүсү болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсы футболчуларга айлык төлөөдөн баш тартканы себеп болгону айтылды. Бирок көп өтпөй команданын менеджери Медер Сыдыков: “Ачка калсак да, Улуттук чемпиондукта аягына чейин ойнойбуз. Өлкөдө футбол өнүгүшү керек. Акча табылат”,- деп “Нефтичи” мелдештен чыкпай турганын айтты. Мына ушундай, былтыр өлкө чемпиондугун жеңип триумф жараткан команданын абалы...