1-2-октябрда Кантта жана Бишкекте футбол боюнча Улуттук биринчиликтин 17-туру болду. Алгач Кантта “Абдыш-Ата” борбордук “Алганы” 2:0 эсебинде утса, эртеси Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы (мурдагы “Спартак”) стадиондо “Дордой”-“Нефтичи” тирешинде “дордойчулар” да ушундай эсеп менен жеңишти. Ошентип, былтыртан тарта элдешкис атаандашына айланган “нефтичилерди” жеңген “Дордой” мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздады. Муну менен клуб өз тарыхында 7-жолу чемпион болду.