Гезитибиздин №464-санында жарыяланган балбандарыбыздын Дүйнө биринчилигине ийгиликсиз катышуусу тууралуу “Абийирибиз айрандай төгүлдүбү?” деген макала эсиңиздедир. Стамбулда өткөн мелдеште 17 балбандын медалдар биякта турсун, Лондон Олимпиадасына жолдомосуз кайтканы дагы да болсо талкуу жаратууда. Элдин сынына федерация президенттери кошулабы?
Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев муну четке кага: “Стамбулдан жолдомосуз келгенибиз шермендечилик дегенге кошулбайм. Эккениңди аласың да, туурабы? Табалаганым жок, бирок бизде шарттар эми түзүлүп, эркин күрөш эми телчигип келе жатат. Натыйжа машыгуу шартынан көз каранды. Биздин машыккан жерди көр да, жетишкен өлкөлөрдүкүн көр. Эркин күрөштөн биз кыйла арттабыз. Эч кимди күнөөлөй албайбыз, мамлекет да, федерация да тиешелүү көңүл бурууда”,- деген оюн айтты.
Ал эми Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев жогорку пикирди улай: “Колдон келген аракетибизден талбай, мамлекет менен федерациядан бөлүнгөн максималдуу өлчөмдөгү каражатты актоого тырыштык. Биз дүйнөлүк деңгээлден арттабыз. Барган сайын Дүйнө биринчилигине катышкан өлкөлөрдүн саны артып, жолдомо алуу кыйынга турууда. Мен жигиттердин көрсөткүчүнө канааттандым”,- деди. Ал эми калк ичинде катуу талкууга алынган балбандарыбыздын “кылыгы” талкууларга бай сайтыбыз www.super.kg`ни кыйгап өткөн жок. Форумчуларыбыз байма-бай талкуулап, анын негизинде жүргүзүлгөн сурамжылоого активдүү катышышты.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg