«ЖЕТИ ЖАШЫМДА УЯДАН БҮРКҮТТҮН БАЛАПАНЫН АЛГАМ»

Бүркүт жөнүндө кызыктуу фактылар

  • Бүркүттөр баатыр чегир, бай чегир, куу чегир деп үчкө бөлүнөт.
  • Баатыр чегирлер көзүнө көрүнгөн жандыктын: аюу, жолборс, каман экенине карабай алы жетсе да, жетпесе да качырат.
  • Бай чегир жүнү узун, үрпөк баш келет. Булар туурда да, колдо да тынч отурат.
  • Ал эми куу чегир – бүркүттүн өтө кырааны. Куу чегирлер ала турганын ала албай калса, ээсине кол салышы мүмкүн.
  • Бүркүттөр жылына бир жолу майдын аягы, июндун башында түлөшөт.
  • Бүркүттү торго түшүрүүдө тор ичине коёнду байлоо керек.
  • Бүркүт мүнөзүнө жараша тапталат.
  • Бүркүттү аңдын издери кар үстүндө кала турган мезгилде салса көп олжо алып келет.
  • Бүркүт салууда мүнүшкөр алгыр кушу менен тоо үстүндө болсо, ылдыйда 5-6 адам түлкү, коён үркүтүп турат.
  • Эң чоң бүркүттүн денесинин узундугу 1 метрге, канаттарын жайганда 2-2,5 метрге, ал эми салмагы 10-15 килограммга чейин жетет.

“Мүнүшкөрлүккө кызыгуу бала кезимде башталган”
– Биздин Ат-Башы районундагы Казыбек айылында Ысак жана Молдожан аттуу айыл-апага белгилүү эки мүнүшкөр бар эле. Жаш балдар чогулуп алып: “Жүргүлө, бүркүт көрөбүз. Кечээ Ысак ата бүркүт кармап келиптир”,- деп чурулдап, топурактан согулган бийик дубалга боортоктоп жармашып алып короосундагы бүркүттү карачубуз. Өзүмдүн атам ошол убакта бизди кызыктырган ал мүнүшкөрлөр менен көп убакыт чогуу жүрүп калды. Көрсө ал бүркүт салганга кызыгып, мүнүшкөрлөрдүн шакирти катары таптоонун сырларын үйрөнүп жүрүптүр. Кийин атам карыялардан үйрөнгөнү боюнча бүркүт салганы тоого тез-тез каттап, мүнүшкөр аталып калды. Атам бүркүт салганда дайыма мени кошо ала жүрчү. Мектептен соң жогорку окуу жайын аяктап айылга баргандан кийин атамдан калган өнөрдү өмүр бою алып жүрүүнү чечкем. Тактап айтканда, 1984-жылдан бери бүркүт салып келе жатам.
“Бүркүттүн жалгыз туулган балапаны кыраан чыгат”
– Адатта бүркүттөр жумурткасын жаз айларында басышат. Күзгө чейин балапандар күч-кубатка толуп калганда мүнүшкөрлөр уядан алып кетишет. Бүркүттөрдүн уясы тоодо 300-500 метр бийик аскаларда жайгашат. Бир жолу биздин айылдын мергенчилери уядан бүркүт алганы тоого барышканда “жаш балдар тоого жеңил чыгышат” деп мени кошо ээрчитип алышкан. Баарыбыз көздөгөн бүркүттүн уясынан жогору чыктык. Бүркүтчүлөр мени аркан менен жогорудан уяга түшүрүшүп, өзүлөрү “энеси келатса мылтык атып жолотпой турабыз” деп өйдөдө калышты. Ошентип, балапан бүркүттү уядан алып чыккам. Алгыр куштун уясы үңкүрдөй кенен болот экен. Анан алды жыгач-таш менен тосулуптур. Бул балапандын сыртка чыгып кетпеши үчүн жасалса керек. Негизи, бүркүттөр бир-эки жумуртка гана туушат. Жалгыз туулган балапан кийин кыраан чыгат. Бүркүттү уядан алгандан кийин аны мүнүшкөр биринчи өзүнө көндүрүүсү керек. Таптоодо мүнүшкөр өз колу менен эт берип, күнүгө сылап-сыйпап багып, үндөккө келтирүүсү абзел. Балапан бүркүт адамдардан качпай ээсине көнө түшкөндө чыргага салынат.
Чыргага салуу
– Чыргага салуу – түлкүнүн, карышкырдын же коёндун терисинин ичине керексиз буюмдарды салып 100 метрлик жиптин учуна байлап, катуу ылдамдыкта сүйрөп бүркүткө алдыруу. Мен бала кезде атамдын бүркүттөрүн көп жолу чыргага салышкам. Башкача айтканда, чырганы жөө же атчан сүйрөчүмүн. Жиптин учундагы тери бүркүткө кадимки жандык көрүнөт да, аны алганга шукшурулуп учуп жөнөйт. Бүркүттү чыргага болжол менен он жолу салгандан кийин анан тоого тирүү аңдарга салганга алып чыкса болот.
– Сиз бул бүркүтүңүздү балапан кезинен чыргага салып таптап келе жатасызбы?
– Бул бүркүттү теңтуштарым балапан кезинде Ат-Башыдан алып келип беришкен. Балапан кезинен эле мүнөзү жумшак, адамга кол салбайт. Мен келатканда дайыма алдымды тосуп шаңшып турат. Буга чейинки бүркүттөрүмдүн арасында терс мүнөздүүлөрү болгон. Алар кол салчудай болуп качырып киргенде кол кабым менен сактанып калчумун.
“Короодон эле коён же короз алдырам”
– Бүркүтүңүздүн жашы канчада?
– Негизи, бир жашка чейинки бүркүттөрдү бала бүркүт дейбиз. Андан кийин ным түлөк, кум түлөк, таш түлөк делип төрт жашка келгенде барчын болот. Андан соң жашына карай бир барчын, эки барчын болуп кете берет. Менин бүркүтүм азыр төрт барчын. Бул мен таптаган бүркүттөрдүн алтынчысы. Буга чейинкилеринин айрымдары карылыгы жетип өлсө, айрымдары олжосун ала албай калгандыктан, тамакка тойгузуп туруп агытып жибергем.
– Алгыр куштар канча жашка чейин жашашат? Кандай тамактанышат?
– Бүркүттөр отуз жашка чейин жашашат. Булар эттен башка эч нерсе жешпейт. Мен азыр бүркүтүмө эки күндө бир жарым килограммдан уйдун же койдун этин берип турам. Эттен сырткары кичинеден суу ичет.
– Борборго жакын тоолордо коён, түлкүлөр жокко эсе болсо керек. Кайсы тоого саласыз? Дегеле, азыр бүркүт салчудай аң барбы?
– Чынын айтсам, илгеркидей карышкыр, түлкү, керек болсо сү­лөөсүндөрдү тайман­бай качырып кирчү бүркүттөр азыр жокко эсе. Андай алгыр куштар болгон күндө деле мурдагыдай карышкыр, түлкү жок. Андыктан, бүркүттү тоого алып чыгып чоң олжо алдыруу анда-санда эле болчу көрүнүш. Жайкысын Ат-Башыга тоого бир айча эс алып келгенди адат кылып алгам. Ошондо бүркүтүмдү өзүм менен кошо ала кетип, накта аңга салам. Айылда жүргөндө болсо короонун эле жака-белинен коён алдырып, болбой баратса короз деле алдыра берем.
– Корооңузга тоок, корозду бүркүт салыш үчүн багасызбы?
– Жок, атайын бүркүтүмдү салыш үчүн базардан тирүү коён, корозду сатып келем.
– Андай болсо эки күндө бир жарым кило эт берип багуу оорчулук келтирбейби сизге?
– Андай деле эмес. Мүнүшкөрлүк – атамдан калган мурас. Аны улантып жатканыма сыймыктанам.
– Жогоруда «короодон эле коён же короз алат» дебедиңизби, бошонгондон кийин качып кетпейби?
– Андай нерсе эч качан болгон эмес. Анткени, дайыма тоого алып чыгып салбагандан кийин булар короодон олжосун алганга көнүп калышат.
– Бүркүттөрүңүз алган эң чоң аң эмне болгон?
– Учурдагы бүркүтүмдү коёнго эле салып жүрөм. Ал эми мурункуларынын арасында карышкыр алганы болгон.
Бүркүткө тиешелүү буюмдар
– Бүркүт жыгачтан жасалган туурда отурат. Бүркүттүн канат, куйругу сынып калбаш үчүн туур өйдөдө жайгашат. Туурда отурган бүркүттүн башына көзүн кошо жаба турган томого кийгизилет. Томого алгырдын көзү жабылуу болуп, жанына келгендерге жулунбай тынч отурушу үчүн колдонулат. Андан сырткары, бүркүттү туурга байлоочу боочолору, анан балдагы болот. Балдак бүркүттү мүнүшкөр кондуруп чыкканда колу талып кеткенде керектелет. Анын узундугу чыканактай, учу ача таяк болот. Кол талып кеткенде мүнүшкөр таякчаны ээрге таяп, ача жерине колун коюп анын үстүнө бүркүттү кондурат. Азыр мен деле колума ашып кетсе бир мүнөт кондурам, анан колум талып кетет. Анткени, бүркүтүмдүн салмагы 8 килограмм.
– Маек аягында бир суроо, учурда эмне үчүн мүнүшкөрлөр азайып кетти? Бул нерсе бүр­күт алчу жандыктардын жоголуп баратканынан уламбы?
– Илгери мүнүшкөрлүк абдан абройлуу, кирешелүү кесип болгон. Азыр мүнүшкөрлөр да, бул өнөргө кызыккандар да азайды. Бул эми азыркы жаштар көп айткандай, компьютерлешкен заманга жараша окшойт. Ал эми тоодо коён, түлкү өңдүү илбээсиндер көп эле.
– Ата-бабаларыбыз аздектеп келген мү­нүшкөрлүк өнөрүңүз жоголбосун. Бар болуңуз.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 316, 21-27-ноябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан