ЫЙМАНГА ЧАКЫРГАН АЯТ-2 ТАСМАСЫ

Азамат Арыков менен бирге көчөдө жүрүп, элдин “боксёр жигит го”, “бул Али го” дегендерин угуп калганым бар. Демек, “Аят” тасмасы элге жетип, Алинин образы жаккан.

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Тартылган жылы – 2011-жыл
Жанры – Боевик
Режиссёру – Азамат Арыков
Башкы ролдордо – Азамат Арыков (Али), Жазгүл Акпарали кызы (Фатима), Рахат Бердикеев (Баатырбек), Мирлан Абдулаев (Тима)

КЫЗЫКТАР

  • Тасма 4 айдын ичинде тартылды.
  • Тасмадагы спортчу балдардын баары чыныгы жашоодо деле спорт чеберлери.
  • Кримчөйрө менен спортчулардын “разборкасында” актёрлор ойнобой эле, чын мушташып тартылышкан. Андан айрымдар жаракат да алышкан.
  • Көп эле акча корогон, бирок сыр катары аныгын айтышпайт.

АЛГАЧ ШОУ, АНАН КИНО
Жакында эле Спорт Ордосунда шоу-концерт коштогон “Аят-2” тасмасынын ачылыш аземи болуп өттү. Ал күнү жерге төшөлгөн кызыл килемден сулууларды бек кучактай актёрлор, ырчылар жана уюштуруучу топ өтүштү. Спорт Ордосунда кино биринчи жолу көрсөтүлүп жаткандыгына карабастан, залдын элге толгонун жакшы жышаан деп туралы.
“Биздин жаштарга азыр патриоттук сезим жетишпейт. Бул тасманы көргөндөн кийин жаштар ыйманга кирип, жок дегенде спорт менен алектене башташат” деген режиссёр Азамат Арыков тасмада патриоттук духту негизги планга коюптур.

КРИМЧӨЙРӨ МЕНЕН КАГЫЛЫШ
Али – бокс менен машыккан, ыймандуу жигит. Ал дин жолуна түшүп, мушташканды таштап, жөнөкөй таксист болуп үй-бүлөсүн багып жүрөт. Бир күнү ага кримчөйрөнүн башчысы Баатырбек байланышып, бирөөгө “Али мушташка чыгат” деп сөз берип койгонун айтат. Али байкесинин сөзүн эки кылбай, таиланддык жигит менен рингге чыгат. Ошентип, каарман спортко кайра кайтып, күнү-түнү машыгууга өтөт. Акыры жеңишке жетишип, аялына бул спорттогу акыркы кадам болоруна сөз берет. Бирок кызыктын, сыноонун баары алдыда эле...
Анын Аскат аттуу досу кримчөйрөнүн башчысына карыз болуп, из жашырып кетет. Артынан сая түшкөн “чёрныйлар” Алиге келип, “досуңду таппасаң, эртеңки күнүңдү ойлоп койгун” деп кысым көрсөтүп, жадакалса үй-бүлөсүнө коркунуч туудурган нерселерди жасай башташат.
Ошондо гана Кудайдын жолуна түшкөн Али аргасыздан Баатырбек агасына жардамга кайрылууга мажбур болот. Ошентип, ал агасынын насааты боюнча спортчулар менен кримчөйрөнүн жигиттери “разборка” кылып, абалды чечишет. Ушундай тагдыр сыноолору уламдан-улам пайда болуп отуруп, акыры тасма жакшылык менен аяктайт.

ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ ЧОҢ
"Тасма жаштарды ыйман жолго үндөйт”,- дейт режиссёр. Бирок тасмада кримчөйрө жана спортчулар бири-бирине өчөшүп, урушуп-мушташуу сыяктуу сюжеттер басымдуулук кылат. “Анын эмнеси тарбия?” дешибиз мүмкүн.
Мындай көрүнүштөр чыныгы реалдуу турмуштан алынган. Андай нерседен алыс качып кете албайбыз. Ал эми Алинин намаз окуп, ар бир сюжетте Курандын сүрөлөрүнүн берилип жатканы ар бир адамдын аң-сезимине жеткидей чагылдырылат. Кандай гана кыйынчылык болбосун, аны сыноо деп билип, жакшы жакка чече билүү керек. Ошол эле учурда ата-эне, жубайга, балага кандай мамиле кылуу керектигин “Аят-2” аркылуу элге жеткирүүнү максат кылышкан.

Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - "Аят 2" тасмасы кызыл килем менен ачылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Arstan
2011-10-10 18:50:31
Кыргызымдын спортчулары азаматсынар алга Кыргызым!
0
Muratbei
2011-10-12 02:59:50
Azmatsynar chyn ele,super info mende sizderdin bir video/klibiner achylbai jatat,a bashka saitta jakshynakai ele achyp jatat.Emne bolushu mumkun???
0
azamat1992kg
2011-10-13 17:48:23
Азамат байке сизге ийгилик!
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан