Апта каарманы – ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА

Бул саныбызда апта каарманы болгон Гүлзинат Суранчиева күн деминде дайым тажабай колдонгон, татымынан танбаган нерселери тууралуу баяндады.

ҮЧ ЧЕКИТТҮҮ ҮЧ УШАК
– "Гүлзинат капчыктуу чоңдордун эле тойлоруна барат. Карапайым, капчыгы жукалардын өтүнүчүнө кол шилтеп барбай койгон текеберлиги бар" деген сөздөр айтылып келет...
– Чынын айтканда, той-топурларга көп барбайм. Бирок чакырган кишинин капчыгы жука деп шагын сындырган учурлар эсимде жок. Балким, өзүмдүн жумуштарымдан бошобой калып "бара албайм" деп айтканымды башкача түшүнүп алып таарынып калышкандыр... Негизи, тойлордогу “ставкам” 300 доллар. Кээде 100 долларга деле ырдайм.
– Сизге карата “вокалы күчтүү, бирок хит ырлары жок, жакшы продюсер керек” деген сындар айтылат...
– Албетте, чыгармачылыкка жаңы аттанганда хитке айланган ырларым болбосо керек. Бирок “Шантелл” тобунда жүргөндө “Өмүр”, Кош жылдыз” деген ырларым аябай эле хит болгон. Ал эми учурда “Сезим”, “Ты и я” аттуу ырларымды хит ырлардын сабына киргизем. Мага продюсердин кереги жок.
– "Гүлзинат күйөөсүнүн мээсине чай кайнатат" деген кептер бар экенин айтып калышат, сахналаштарыңыз...
– Каяктан билип алышты, ыя? Ха-ха-ха... Менин оюмча, сырттан бизди көргөн адамдарга жолдошумдун мага кылган мамилесинен улам башына чай кайнаткан айымдардай көрүнсөм керек. Чынында, ал менин айткан сөзүмдү кылып, толук колдоп турат. Ал мени, мен аны сүйөм. Анан дагы бир жолу кайталай кетейин, жолдошунун мээсине чай кайнаткандардан эмесмин.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздын гардеробу - Гүлзинат Суранчиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Jaryk78
2011-10-10 14:09:05
Туфта го,кыргыз ырчылары эн арзан кийимдерди кие беришет...
0
Aelina
2011-10-11 02:06:18
jakshy kiyimderi bar eken, emne korsotup koiso ele maktanip kalmak bele, ozu peredacha oshondoi eken da.
0
Syrgak
2011-10-11 07:39:48
жакшы эле ырдайт. Башкаларга караганда оз кесибин мыкты эле аткарат. Кыз киши деген кийимге жакын болот, ырчылар особенно.
0
Shaki
2011-10-11 09:55:49
Emnege Suranchievany Superdin ar bir ekinchi sanyna jaza beriwet?
0
lolo
2011-10-11 23:38:49
Kizik go mogu jurnalist kiz, ozdoru bul programany chygaryp anan Gulzinat kolunan kelisinche araket kylyp jatsa, olturup maktangandai boldu degeni nesi?
0
Zamira
2011-10-12 22:18:39
lolo, Мен да ошого тан калып жатам да.
0
asman2000
2011-10-12 22:23:49
Zamira, Озулоруно жардам берген кишини кайра копчулукко салып бергендей болуп калыптыр.
0
polotova8500
2011-10-14 23:53:24
биздин адамдар качан эле корунуктуу адамдарга жакшы соз айтчы эле
0
Karkyra
2011-10-15 01:50:26
озбек топу жарашпайт экен. чечип койчу сураныч! андан коро кыргыз топу кийсен!
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан