Жашы 70тен ашса да, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова күчүндө. Өнөрлүү балдарды тарбиялап, актёрдук чеберчиликке үйрөткөн мектеп ачып, жыйырмадан ашык баланы окутуп келет. Алардын катышуусунда жаңы тасма да жаратууга жетишти...
Тарткан өлкө – Кыргызстан
Тасманын жанры – Драма
Режиссёру – Жамал Сейдакматова
Сарпталган каражаты – 23 миң доллар
Башкы ролдордо – Жамал Сейдакматова, Айдина Камчыбекова, Асель Нурлан кызы, Кубан Камалов, Нуриса Бурханова
ЭБЕПКЕ-СЕБЕП
“Акыркы жыйырма жылда төрөлгөн балдардын тагдыры оор болгондугу талаш эмес. Үй-бүлө багуу үчүн ата-энелердин дээрлик көпчүлүгү чет жерде иштеп жүрүшөт. Ал эми балдары туугандарынын кароосунда, болбосо, батирлеп өздөрүнүн киндигин өздөрү кесип, ар кайсы жакта баш калкалашат. Күндүзү эптеп сабакка барышса, кечкисин кафе-ресторандарда тейлөөчү болуп иштеп курсактарын тойгузушат эмеспи. Мындай тагдырды башынан кечирген балдардан келечекте эмнени күтө алабыз да, эмнени талап кылабыз? Алар ким болушат? Мына ушул суроонун тегерегинде көп ойлончумун”,- дейт тасманын режиссёру Жамал Сейдакматова.
Жамал эже бир күнү өзүнүн шакирттери менен сырдашып калат. Дээрлик көпчүлүгүнүн ата-энелери эмгек мигранттары болуп, балдардын көкүрөгү сагыныч менен кусалыкка толо экенин туюп жашып алат да, анын таасири астында үч күндүн ичинде кинотасманын сценарийин жазып чыгат.
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Атасы каза болуп, апасы турмушка чыгып, 92 жаштагы чоң энесинин колунда калган кыз мектепти аяктаган соң шаарга келет. Театралдык институтка тапшырып, бир күнү группалаштары менен талаага кино тартканы барышат. Жаштардын тамашасы менен күлкү-каткырыгын кызга айтылган “чоң энең каза болду” деген суук кабар токтотот. Курбулары “жалгыз кантип жөнөтөт элек?” деп баары чогу барууну чечишет да, бир бала үйүнөн атасынын автобусун уруксатсыз айдап чыгат. Албетте, “ата, автобустан кам санаба, эки күндөн кийин келем” деген кат калтырат. Ошентип, окуялар уланып отуруп кыздын үйүнө жетишсе, каза болду деген чоң энеси бакта көлөкөлөп теспе тартып отурган болот...
Тасманын акырында бул топтогу балдардын баарынын жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, таптакыр башка адам болуп кайтышат. Чоң эненин балдарга кандай таасир калтырып, ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүүгө кантип жетишкендигин тасмадан гана көрүү керек.
ТААЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮЧҮ ТАСМА
Бул тасмада эч кандай мушташ, коркутуу, өлтүрүү же зомбулук жок. Мындан бир гана таалим-тарбия ала алабыз. Тасмадагы көйгөйдөн улам адамдын жашоо табити же принциптери жакшы жакка өзгөрүшү мүмкүн.
“Жалаң жаш балдар тартылгандыктан, кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Бир күнү бири уктап калса, экинчи күнү дагы бири уктап калып же болбогон себептер менен кечигип келип жан кейиткен учурлар көп эле болду. Анан да бир күнү тасма талаасына камерабызды унутуп барып алыптырбыз. Ал үчүн кайра келип алып кетүүгө туура келди. Дагы бир кызыгы, бир бала образга кирип кетип тасмадагы аялын сабаган учурда чын эле байкуш кыздын бети-башын көгөртө сабап салыптыр. Ага да бир топ кейидим.
Жалпылап айтканда, тасманын толук тартылып бүтүшү 23 миң долларга турду. Анын 5 миңи демөөрчүлөрдөн түштү”,- дейт тасманын режиссёру Жамал Сейдакматова. Учурда тасма «Туңгуч» театрынын залында көрсөтүлүүдө.
Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg