Өткөн аптадагы СМС-добуш берүүнүн жыйынтыгында Айпери 32 добуш алып финалга чыкты. Ал эми Калиман 6 добушка ээ болду.
Ай-чырайларга эскертүү! «Супер сулуу-2011» сынагынын 1-туру келерки санда токтотулат. Акыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Ал эми 1-турдан өтпөй арманда калган сулууларга жакшы жаңылык. Эгер сиз катышып, СМС-добуш аркылуу 2-турга өтпөй калган болсоңуз, кайгырбаңыз. “Супер сулуу-2011” сынагында финалга чыкпай калган кыздардын сүрөттөрү эми www.super.kg сайтына жүктөлүп, добуш берүү жүргүзүлөт. Алдыңкы орундарга чыккан кыздар сынактын финалына жолдомо алышмакчы.