Ыр чөйрөсүнө ОшМУнун искусство факультетин аяктаган, эч кандай продюсери, лакап аты жок эле Жумагүл Райымжан кызы аттуу ырчы кошулду. “Бир келип кетчи Ош жакка” деп баарыбызды Ошко чакырган ырчынын ондон ашык чыгармасы бар.
Жумагүл таланты менен бир жылдын ичинде элге атын чыгара аларына ишенет. Учурда Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы Горнизондук офицерлер үйүнүн ырчысы. Анын клиптерин бул жерден көрсөңүздөр болот.