Элмирбек Иманалиев менен жубайы Гүлбү Иманалиеванын ажырашып кеткендерине үч жыл болгон эле. Буга чейин жолдошунун фамилиясын алып келген ырчы айым эми биротоло ал фамилияны жокко чыгармакчы болуптур. Башкача айтканда, Иманалиева эмес, эми атасынын атын чыгарат. Гүлбү Ороскул кызы болуп, кайрадан жанам деп клиптерди тартып, чыгармачылыкка киришти.