Айчүрөк Иманалиева менен Назгүл Насиеванын сот иши көпкө чейин созулат өңдүү. Буга чейинки болгон сотко Айчүрөк эженин барбай койгондугу айтылып жаткан. Бул тууралуу ырчы: “Биздин соттошуубуз жылдап уланышы мүмкүн. Мен адвокатыма бардык иштеримди нотариус аркылуу кол коюп өткөрүп бергем. Барбай койгонумдун себеби, менин сотко катышуумдун деле кажети жок болчу. Анын үстүнө ортодо тил маселеси да чыгып, орус улутундагы адвокатымды кыргыз тилдүү адвокатка алмаштырууга мажбур болдум. “Сот карабай турган болду” деп айтып жатышат. Мурдагы орус адвокатым жок болгон соң соттун карабай койгонго укугу бар эле. Бирок бул биротоло иш жабылды дегенге жатпайт. Ал эми мына ушундан пайдаланып мени каралоого аракет кылгандар менден кайра кечирим сурашты”,- деген сөзүн айтты.
Учурда Айчүрөк айым бардык материалдарды караштырып, айтор, кайрадан жакында сот иши уланмакчы.