Кыска суроого кыска жооп
– Эсиңизде калган белек...
– Чыңгыз Айтматовдун кол тамгасы менен берилген китеби.
– Ичкиликке мамилеңиз...
– Майрамдарда татып коёбуз.
– Биринчи алган маянаңыз...
– 9-класста чабандарга сакмалга барып, 80 рубль алгам.
– Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз...
– Ишенчээктигимен көп алданам.
– Жактырган саясатчыңыз...
– Ден Сяопин.
– Футбол ойнойсузбу?
– Подагра деген оору жабышкандан бери ойнобой калдым.
– Эркелегенди жактырасызбы?
– Көп эркелейм.
– Кимге?
– Апама.
– Машинаңыздын үлгүсү...
– Тойота, БМВ.
– Кайсы дүкөндөн кийинесиз?
– “Дордой Плазадан”.
– Жек көргөн адамыңыз...
– Эки жүздүүлөр, зөөкүрлөр.
– Жактырган ырчыңыз...
– Көп эле.
– Акыркы жолу окуган чыгармаңыз...
– Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” деген чыгармасы.
– Кандай адам болбосун, анын балалыгы кандай өткөнүнө кызыкпай коё албайм. Анын үстүнө, адамдын келечегине дал ушул жылаңайлак, чыбык ат минип ойногон балалыкта пайдубал куюлат тура. Сиздин ал күндөрүңүз кандай өттү эле?
– Менин алтын балалыгым Ат-Башы айылында өттү. Кээде балалыгымды эстегенде сөзсүз айыл четиндеги чоң саз көз алдыма тартылат. Биздин айылдын балдарынын баарынын балалыгы ошол саз менен байланыштуу. Ал жерде эртеден-кечке чүкө, чикит атып ойночубуз. Анан кичине тороло баштаганда кой, уй кайтаруу деген милдет менин мойнума жүктөлдү. Мал кайтаргандан ушунчалык тажачумун! Бирок, мен курдуу балдардын баары эле чогулуп алып койду да кайтарып, оюндун да планын толтурчубуз. Анан 60-70-жылдары айылга жаңылык болуп алгачкы телевизорлор келе баштады. Андан биз футбол деген оюн менен тааныштык. Баягы чүкө, чикит атмайды таштап, футбол ойногонго өттүк. Топ тээп чарчаганда агын сууга түшүп, терибизди жууп алып, кайра оюнга киришчүбүз. Ошентип, менин балалыгым ширидей болуп күнгө күйүп, оюн-зоок менен өттү.
– Тентек кылып коюп таяк жеген учурларыңыз болду беле?
– Албетте, “агалууга алты таяк” дегендей, үй-бүлөдө беш эркектин кенжеси болгондуктан, баары эле мени тарбиялоого аракет кылышчу. Көбүнчө бирдемелерди талашып, чырдап жатып таяк жеп калчумун. Бирок, тентек эмес болчумун. Апама жардам берип, идиш-аяктан бери жууп берчүмүн. Ал эми пол жуумай менин милдетим болчу.
– Уй саай аласызбы?
– Уй сааган жокмун.
– Мектепте кандай окугансыз?
– Мектепте орус класста окугам. Алгач Полина Григорьевна Кожухова деген мугалимге туш болгом. Ал киши сабакты ушунчалык берилүү менен түшүндүргөндүктөн, баштапкы билим пайдубалыбыз бекем болду. Мектепте жакшы эле окудум. Чейректерде аз эле “4” чыкчу, калганы “5” болчу.
– Ошентсе да, “2” алып, капа болгон күндөрүңүз болсо керек...
– Бир жолу “Жаратылышты таануу”деген сабактан “2” алып калып, шолоктоп үйгө чейин ыйлап келгем. Апам араң соороткону эсимде. Мен үчүн бул өзүнчө эле трагедия болгон. Биздин мектептин директору Карыбеков Акматалы деген агай тарых сабагынан окутчу. Ал кишинин мага “сен тарых сабагын кенен өздөштүрүшүң керек” деген сөзүн көкүрөккө бек тутуп алгам. Кийин Улуттук университеттин тарых факультетине тапшырышыма да ошол себепкер болду.
– Анда кептин нугун студенттик кезиңизге бурсак...
– Студенттик кезим жатаканада жатып, ачка болгондо кыздардын тамагын уурдаганыбыз менен эсте калды окшойт. Байкуш кыздар тамагы бышканда эле таппай калышчу. Курсакты тойгузуп алып, «рахмат» деп казандарын берип койчубуз. Кээде уурдап баратканда кармалып да калчубуз. Анда бир сыйра урушуп, анан жарашып, жыргап отуруп чогуу иччүбүз.
– Ал кездеги сүйүктүү тамагыңыз...
– Макарондон жасалган шорпо. Этти кызарта кууруп, анан суу куюп, суу кайнаганда картошка, макаронду салып, чекебиз тердегиче шаша-буша ичип калчубуз.
– Азыр кайсы тамакты бышыра аласыз?
– Мен жаратылыштын койнунда казанга дымдама бышырганды жакшы көрөм. Айрыкча самоордун чайын ичип, дымдаманы жегенде ушундай ырахат алам. Жаш кезде камыр тамактарды жакшы көрчүмүн. Бирок, жаш өткөн сайын табитиң өзгөрө берет экен. Анын үстүнө, азыр мен камыр тамактардан алысыраак болуп, салмагымды көзөмөлдөп жатам.
– Жаратылыштын койну демекчи, табият койнунда эс алууну жакшы көрөт окшойсуз...
– Жаратылышка жакын адаммын. Бирок, кээ бирөөлөр эс алуу десе эле аңчылыкка чыкканды жакшы көрүшөт. Мен жаныбарларды жөн эле өлтүргүм келбейт.
– Балык уулоого достор менен чыкпайсызбы?
– Кээде барып коём.
– Эми аруу сезимге бөлөгөн тун сүйүүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Алгачкы сүйүүмө абитуриент болуп, алгачкы экзаменди тарых сабагынан берип жаткан учурда кабылгам. Экзамендин билетиндеги суроого жооп таба албай ары-бери ойдолой, жанымда отурган кызды чукулап, жардам берип коюусун ымдап билдирдим. Ал тим эле созолонуп унчукпай коюп жатпайбы. Ошондо ичимден “сениби, шашпа!” деп койгом. Ал кыз кийин Гүлмира Мамбеталиева деген жалаң “5ке”окуган активисттерден болуп чыкты. Анан “андан өч алам” деп артынан ээрчип жүрүп, кантип ашык болуп калганымды сезбей калдым.
– Үйлөнүү тоюңуздагы эсте калган көз ирмемдерден эскере кетсеңиз...
– Биз Гүлмира экөөбүз бапыратып чоң деле той өткөргөн эмеспиз. Ал кезде атам кайтыш болуп кеткен. Апама келинин алып барып, ак жоолугун салдырдым. Молдо никебизди кыйып, каада-салт менен үйлөнгөм.
– Балдарыңызга кандай тарбия бересиз?
– Өтө жумшак да эмес, анан ашыкча катуу да кармабайм. “Билим алуу – башкы капитал, билимге жумшаган каражаттын кайтарымы зор” деген сөздү көп айтам балдарыма.
– Сизди ийгиликтүү ишкерлердин бири катары билебиз. Бизнес жагын да дүркүрөтүп өстүрдүңүз. Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
– Ийгилик сырынын көп кырлары бар. Ар бир адам эле кайсы чөйрөдө болбосун “ийгиликке жетем” деп кадам шилтеп, жолдо кезиккен кыйынчылыктарга туруштук бере алса, ийгиликке жете алат. Анан кайсы жакка алыңдын жетерин баамдай билишиң зарыл. Эң негизгиси, аброю күчтүү адамдар менен баарлаша билүү керек.
– Бизнести кантип, эмнеден баштагансыз?
– 1990-жылдары элдердин баары эле соода-сатыкка өтө баштабадыбы. Ошондо дос балдар менен кооператив ачып, азыркы “Дордой” базарынын жерин алганбыз. Анда бул аймак шаар четинде жөн эле камыш басып жаткан талаа болчу. Ошентсе да, биз бул жерде эң чоң соода түйүнү болорун туура баамдай билген экенбиз. Союз тарагандан кийин канчалаган кыргызстандыктар бутуна туруп жатышат. Эгемендүүлүк менен жашташ “Дордой” базары азыркы күндө жылына бир жолу 1-январда гана эс алат.
Азыр кандай иш баштабайын, кара кой союп элден бата алам.
– Байлыкка, бийликке кызыккан сулуу айымдарга мамилеңиз?
– Терс көз караштамын.
– “Дордой” деген атты көпчүлүк түшүнө бербейт. Аны ким койгон?
– Дордой – менин чоң чоң атамдын аты. Дордойдон Салымбек,андан Мааткабыл, Мааткабылдан мен.
– Кыргыз спортуна да жакшы колдоо көрсөтөрүңүздү эл жакшы билет. Спорт дүйнөсүнө сизди эмне байланыштырат?
– Бала чактан бери жан дүйнөмдүн негизги бөлүгүнөн орун алган нерсе – футбол. Деги эле спорт бул – дени сак коомдун жарчысы. Мына 1995-жылдан тартып “Көк бөрү” федерациясын түптөп, кыргыздын улуттук оюндарын дүйнөгө таанытууга аракет кылып жатабыз. Азыр көк бөрү боюнча Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен иштеше баштадык.
– Жогорку Кеңештин депутаты эмес, жөнөкөй кыргыздын атуулу катары азыркы биздин саясатка кандай баа бересиз?
– Бизде саясаттын эрежелери так сакталбагандыктан, саясаттан алыс болгонду каалайм.
– Кыргызстандын келечегине ишенесизби?
– Ишенүүгө милдеттүүбүз. Келечекти өз колу менен курууга ар бир атуул милдеттүү. Кыргызда «күч – бирдикте» деген жакшы кеп бар эмеспи.
– Келечекке дагы кандай пландарды койгонсуз?
– Ысык-Көлдү “Гиннес рекорддор” китебине киргизүү жатабыз. Дагы бир долбоор бар. Алар тууралуу кийинки маегимде толук айтып берейин.
– Маегиңизге чоң рахмат. Калкыңыз менен бирге аман болуңуз.
Маектешкен Бахияна Сатылганова