Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, чыгаан композитор Муратбек Бегалиев 21-октябрда Украинада өтчү Дүйнөлүк чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын маданияты боюнча форумга катышууга даярдык көрүп жүрөт. Муну менен эле чектелбей, Астана шаарында өтө турган искусствонун бардык жанрын камтыган “Шабыт” Эл аралык сынагына төрага болуп бармакчы. Айта кетсек, агай бул жылы аталган 66 мамлекет катышчу сынакта 13-ирет төрага болууда.