Ырчы Бегимай Эсенгулова жакында турмушка чыгам деп толкунданып жаткан. 30-сентябрь күнү казак кайын журту келип сөйкө салып, ачуу басарын берип, Алматыга алып кетишти. Ал эми бал айын Кытайдан өткөрмөккө 9-октябрда жөнөгөнү жатышат. Эки жаштын заманбап тою 29-октябрда Алматы шаарында болот. Ырчынын энеси жалгыз кызын башка элге, бөтөн жерге турмушка узатканына ичи ачышса да, кызынын бактысын тапканына кубанып, өзүн сооротуп отурган кези.