Айбек Замирбек уулу менен ал-жай сурашсак, маанайы пас. «Ата-энем үйдү оңдоп-түзөтүп жатышат. Ошого каражат жагынан жардам берип жүрөм»,- дейт. “Балабыз эртең эле үйлөнөм деп калабы...” деп жатышса керек ата-эне. Анын үстүнө жалгыз бала болсо. Ал эми Айбек “жүрөгүмдүн ээсин тапсам эле үйлөнөм” дейт. Ырчы буга чейин “сүйлөшкөн кызым бар” деп жүрдү эле, көрсө, сүйүктүүсү менен урушуп кетип, азыр жалгыз жүргөн кези экен.