Эми унаанын “блатной” номерлери сатылат. Эң кымбат номер 0001 болуп, ал 70 миң сомдун тегерегин чапчыса, ал эми сатыкка чыгарылгандардын эң эле арзаны 3 миң сомду түзүп, 0777 сыяктуу номерлерден турат. Бул долбоордун кандай жемиш алып келери 12 айдан кийин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан текшерилери билдирилет. Андан тышкары бул мамлекеттик номерлердин жең ичинен эмес, ачык сатуу максаты менен коюлган баалар экенин айтышты.