“Apple” компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында дүйнөдөн кайтты. 8 жыл мурун анын рак оорусуна чалдыкканы билинген. 2009-жылы болсо боорду алмаштыруу боюнча операция жасалган. Ал бүт дүйнөгө белгилүү iPod, iPhone жана китеп түрүндөгү компьютер iPad`ды иштеп чыккан компаниянын түзүүчүсү болчу. 2011-жылдын январь айынан тарта Стив Жобс эмгек өргүүсүнө чыккан эле. Ал эми август айында “Apple” компаниясынын башкы директорлук кызматын Тим Кукка өткөрүп берген.