5-октябрда Кыргызстандын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшулгандыгынын 93 жылдыгы белгиленди. Филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарага Президенттик аппараттын жетекчиси Эмил Каптагаев жана вице-премьер Шамиль Атахановдор катышып, куттукташты. Шамиль Атаханов куттуктап жатып, өзү да кылмыш иликтөөчү болгондугун, ошондуктан премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановдон “жүз грамм” ичүүгө уруксат сурап келгендигин да айтып жиберди. Ал эми Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев сүйлөп жатып милициянын катарындагы чыккынчылардан тазаланып жаткандыгын билдирди. Ондогон кылмыш иликтөөчүлөр кезектен сырткары наамдар жана медалдар менен сыйланышса, кылмышкерди кармоо учурунда бутуна ок тийген Кыяз Медетов Эрдик орденин тагынды. Биз да майрам ээлерин кызуу куттуктап, ар дайым Ата Мекен үчүн кызмат кылуусуна тилектешпиз.