10 айдан бери кыргыз жараны Айсалкын Ажиева Дубайда комада жатат. Ал иштеп келүү үчүн Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетип, өткөн жылы 7-декабрда аны автоунаа уруп кеткен. Тез арада ооруканага жеткирилип, операциянын негизинде баш сөөгүнүн кежиге сөөгү кесилип, гематомалар (уюган кандар) алынган. “Кызым же кыймылдай албайт, же сүйлөй албайт. Көздөрү ачык туруп көрбөйт, анын абалына ыйлагым келет”,- дейт атасы Чоробек Ажиев. Ал Дубайдагы Кыргыз консулдугуна капа болуп: “Ишенгенибиз ушулар болсо, бир да жардам беришкен жок. Азыр сот иши жүрүүдө, консулдуктун бизге укуктук жактан гана жардамы керек, башка нерсе сурабайбыз”,- деп кейип калды. Бул окуя тууралуу кенен маалымат келерки санда.