Парламент куралгандан бери оппозициялык партия болуп келген “Ар-намыс” партиясы коалицияга кирерин депутат Абдрахман Маматалиев билдирди. Ошондой эле жакында жабык эшик артында “Ар-намыс” менен КСДП фракцияларынын жыйыны өткөрүлдү. Мурун коалицияга киребиз деген 15 депутаттан тышкары дагы 4 депутат кирери айтылды. Эске салсак, Токон Мамытов 15 депутаттын аттарын атаган болчу, бирок азыр кире турган дагы 4 депутаттын аты сыр боюнча калууда. Эгер “Ар-намыстан” дагы 4 депутат коалицияга кирсе, анда “Ата Мекен” оппозицияда жалгыз калат.