Өткөн саныбызда ЖКнын депутаты жана президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин Аксыга барган сапары тууралуу жазган элек. Көп өтпөй Камчыбек мырзанын штабынан чалышып: “Аксылыктар жолугушууга көпчүлүк болуп келип, кызыгуу менен катышышты. Эч кандай Ташиевди кубалап чыгуу окуясы болбоду”,- деп айтышты. Кыскасы, президенттикке талапкерлигин койгон бараандуу талапкерлердин биринин үгүт иштери активдүү уланып, эл кучак жайып, гүл менен тосуп алып жатыптыр.