ТАЛАПКЕРЛЕР КЫЗУУ СООДАЛАШУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Президенттик жарышка түшкөн талапкерлер дүңүнөн чыгып, эми чекесинен чертиле баштады. 6-октябрда БШК дагы төрт кишиге талапкер күбөлүгүн карматса, ошол эле тапта катталгандардын ичинен М.Султанов “Түлеевди колдойм” деген шылтоо менен күрөштөн баш тартты.
Марат Султанов Нариман Түлеевди колдоорун өзү ачык билдирсе,
«Акылбек Жапаров Атамбаевди колдойт» деген кептер айтылууда.
МАКСАТЫҢ КАНДАЙ, ТАЛАПКЕР?
Шайлоо убактысы жакындаган сайын талапкерлердин саны суюлуп отуруп 20га жеткен болчу. Үгүт иштеринин жарымы өтсө да, 9 талапкердин тагдыры жар учунда турган. Алар Биринчи Май райондук сотуна кайрылышып, жеңип чыкканда кайрадан тил сынагын тапшырышты. 6-октябрда алардын тагдыры чечилди. Жарымына “президенттикке талапкер” деген күбөлүк берилсе, жарымы марадан четтетилди.
БШКнын чыгарган чечиминин негизинде Төрөбай Колубаев, Турсунбай Бакир уулу, Нариман Түлеев жана Акбараалы Айтикеев талапкер болуп катталышты. Ал эми С.Дыйканов, К.Арабаев, Т.Үмөталиева, У.Сооданбеков жана А.Абышевден турган 5 талапкер өтпөй калды.
ЖАРЫШТАН НЕГЕ ЧЕТТЕДИ?
БШК тарабынан президенттиктин талапкери катары катталган 20 талапкердин ичинен «муну же тигини колдойм» деп өз ыктыяры менен баш тарткандар да чыкты. Салмактуу талапкер Марат Султанов Нариман Түлеевди колдой турганын айтып, талапкерлигин алып салгандыгын билдирди. Акылбек Жапаровдун да “шайлоодо Атамбаевди колдойм” деп баш тартары айтылууда. “Ар-намысчы” депутатка өкмөттөн “вице-премьер болосуң” деп сөз беришкен имиш. Талапкерлердин бири Кубанычбек Исабеков: “Министрдин ордун мага да сунушташкан, бирок мен баш тарттым”,- дейт.
ТАЛАПКЕРДИН ШАЙЛОО ФОНДУ
Катталган талапкерлер Кыргызстандын булуң-бурчуна көрнөк-жарнактарды илип жатышат. Айрым көрнөк-жарнактар кол салууга дуушар болуп, өрттөп жиберген окуялар да угулууда. Үгүт иштери десе дароо “канча акча кетти?” деген ой кылт дей түшөт. Эң эле капчыктуу талапкер азырынча Алмазбек Атамбаев сыягы. Анын шайлоо фондуна 24 миллион 400 миң сом түшкөн. Мунун 16 миллион 265 миң 554 сому коротулду.
Каражатты сарптаганы боюнча биринчиликке Адахан Мадумаровдун шайлоо фонду чыкты. Адахан мырза жалпысынан 16 миллион 715 миң 902 сом короткон. Шайлоо фондуна эң эле аз акчасы Шамшыбек Медетбековдуку болду. Ал 80 миң сомду чапчып, анын 73 миң 97 сому сарпталган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Адахан Кыргызстанга бир дагы пайдалуу иш кылган эмес жана коррупционер Бакиевтин куйругу болчу. Каркыраны казактарга сатканда ушул адам кошо жургон. Бакиевчилер М.Садыркуловту олтурушкондо коопсуздук комитетинин жетекчиси болчу. Бул адам оозу менен таттуу суйлогонду эле билет, колунан п...гы келбейт. Элдин кулагына кесме илген боюнча биринчи оорунда турат. Адаханды колдогондор, кулагынарга даагы-даагы кесмелерди кобуроок илдирип алып, жыргап журо бергиле, оозунарды анырайтып ачып, ишене бергиле.
Кудайым ыйман ынсап берсин биринчиден ким болсо да.Ойлонуп колдогула калкым акчага арака сатылбай.Кыргызстандын келечи оз колубузда!!!
Кыргызстандын прогрессивдик кучтору Атамбаевдин жанында чогулуп жатат. Текебаев, Тулеев, Жапаров, Сариев жб саясатчылар Алмазбекти колдоду. Мадумаров жана Ташиев сыяктуу адамдар Кыргызстанды артка тартат. Андайларды шайлабай эле коюш керек.
taalay1973, Ташиев дагы "Мадумаровдон айырмам, Бакиевдерден акча албайм" дегенин окудум. Мадумаров Тенирден тетири кеткен №1 талапкер болуп жатат. Кокус ал болуп калса, ырысын которо албай УО ну каралап шыбагандар пейилинен тапты деп эле тушуном.
Debi, Мадумаров президент болоалбайт ко. М-вектор агенттиги окторгон опростун жыйынтыгына караганда, Мадумаров 16%, Ташиев 10% алат экен. Атамбаевдин рейтинги болсо 57.2% экен.
Адаханы барбы Мадаханы барбы, Баякы эле таз кейп,Талаалап жургонуз жургонубуз!
Эй туугандар бир гана Атамбаев татыктуу, ал эми ташиев курманбектикин жалап журсо, мадумаров жаныштыкын жалап журчу. Буларды колдогондор ушул кылгандары учун уялбайсынарбы. Мына силердин колдогон хамелеонунар кандай экен. Албетте силер муну билсенер да баарына кайылсынар.
АТАМБАЕВ БИРИНЧИ ТУРДА ЭЛЕ ЖЕНИП КЕТЕТ БУЮРСА. Мадумаровдун кооз создорунон башка эчтекеси жок. Тем более Бакиевдерден акча алат экен (ишенбесенер Ташиевден сурагыла).
jenish1985, аны озу деле айтып атыптыр Адахан, Бакиев мененмин деп. Бакиевдер байкуштун кулагына лагманды ороп койсо керек.
Туугандар Адахан Мадумаров бийлике келсин ал адам кыргызстанды бутуна тургузат деп ишенем.Ал эми башкаларга ишене бербегиле.Алардын акчасына коп эле алданбагыла.
Адахан Кыргызстанга бир дагы пайдалуу иш кылган эмес жана коррупционер Бакиевдин куйругу болчу.Каркыраны казактарга сатканда спикер.Бакиевчилер М.Садыркуловду олтурушкондо коопсуздук комитетинин жетекчиси болчу.Бул адам оозу менен таттуу суйлогонду эле билет,кесиби журналист да.Элдин кулагына кесме илген боюнча биринчи орунда турат.Андан коро оз добушунарды сатып ийбей оз чечиминер менен 30-октябрда урнага таштагыла ошондо баарыбыз женебиз!КЫРГЫЗучун алга!эртенки муунга уят болбойлу!!!
достор Адаханга тил тийгизбей суйлогуло.Кыргызстанды Адахандан болок эч ким ондой албайт.Адахандан башкасы точно жыргатпайт.Адахан алга.....
Адахан деги экономиканы тушунот бекен? Шайлоочулар менен жолугуп жатып бироо минтип суроо берип жатпайбы. Мигранттарга кандай жардам бересиз десе. Уялбай мен президент болсом эле мекенине кайтышат дейт. Иши кылып лапшаларын чогултуп байкуш элдердин кулактарына илип журот. Жакс менен Макстын арам акчаларын чачып.
кимиси болсо дагы эчнерсени жарытпайт баары эле оздорун макташат кыйратабыз баарын жайлайбыз дешип озун озу мактаган адамдан олорчо кач дейт
Адаханга ишенбегиле,колдогондор ичинерден колдой бергиле.адахан алдамчы дегенге 100% кошулам.асеr сен туура айтасын.бакиев менен жургондо аны мактап ,тушкондон кийин мен айткам деп куйгузот да.жаман 2 жуздуу киши.келечегибизди ойлосок Адаханды унуткула.
jigit87 сен эч нерсе тушунбойт экенсин,кыйын болсо оой эл журт бакиев Каркыраны сатып атат деп чыкпайбы,эл которулуп алып калмак да.сен ушунча жылдан бери бир корунуктуу иш кылганын айтып берчи Адаханындын.
дагы уялбай далилдеп бер деп коет,сен кимсин сага далилдеп бергендей.