“Күнүгө эртең менен уйкудан ойгонгондо бул жашоого кыргыз жигити Өмүрбек болуп жаралганыма кубанам”,- дейт Омар.
– Кандайсың, Омар? Жакында концерт берем деп кол бошобой жүгүрүп жүргөн кезиң экен...
– Сөздү тээ алыстан баштайын. Негизи, кичине кезимден эле уккан “Backstreet Boys”, “'N Sync” деген топтордун музыкасы менен чоңойдум. Анан ошолордун гитара, барабандардын коштоосунда өткөн жандуу концерттерин көрүп, суктана берчүмүн. Мына, Кудай кааласа, 17-18-ноябрда ошондой жандуу концерт берейин деп күндө репетициядан кол бошобой жүрөм.
– Фонограмма деген оңой оокатты таштайын деп жаткансың го?..
– Эми ырчылардын баары эле фонограмма менен катуу достошуп алганбыз. Андай концерттерде сахнанын жасалгасын, кийимдерди, билетти кантип өткөрүш тууралуу биринчи ойлонмокмун. Негизи, фонограмма менен ырдай берсең, чыгармачылыкка болгон чыныгы кызыгуу басаңдап калат экен. Ыр жаздырасың, анан дискти коюп ырдай бересиң. Азыр жандуу концертке даярданып жатып, өзүмдө кадимкидей изденүү пайда болуп, чыныгы чыгармачылык менен алек болгонум сезилүүдө. Буга чейинки ырдаган ырларымдагы катачылыктарым да байкалып жатат. Бирок кесе айта албайм, таптакыр эле фонограмманы таштайм деп. Себеби ар кандай жерге барып ырдайсың, анан аппаратура толук кандуу канааттандыра албашы мүмкүн. Биздеги аппаратуралар жок дегенде Казакстандын деңгээлинде болгондо кайсы жерге чакырылбайын, жандуу эле ырдап берет болчумун. Кудайга шүгүр, бизде деле акырындап жандуу концерттер бериле баштады. Мисалы, Гүлнур эже, Актан байкелер жандуу концерт берип эле келишет. Менден кийин Султан, Ильяз, анан Арсен берсе ошентип эле уланып кетет. Анан элди ырчылар өзүнөн өзү эле фонограмма менен тарта албай калышат. Ошентип, эми колдон келишинче жандуу үн менен ырдоого аракет кылам деп сөз берем. Деги эле жандуу музыканын «кайфы» башкача.
– Буга чейин эле фонограмманы жоём деген төбөлдөр чыккан. Маданият министри болуп калсаң...
– Ооба, анда фонограмманы жойдурмакмын. Анан, биринчиден, концерт берүүгө жакшы бир жай салдырмакмын.
– “Омар эми гастролдоп акча тапкандын даамын татты” деп кесиптештериң айтып жүрүшөт...
– Ооба, чынында эле буга чейин гастролдогонду көп жактыра берчү эмесмин. Жол азабынан жүдөйсүң. Ачка-ток жүрөсүң дегендей. Бир жолу Ош тарапка гастролго баргам. Ошондон кийин көңүлүм катуу калган. Тапканым барып-келген жол кирени эле араң жапкан. Же менин популярдуулугум аз беле анда, билбейм. Анан мына жаз айларынан баштап кайрадан гастролго чыга баштадым. Эл абдан күтүп, жылуу кабыл ала баштады. Билеттер калбай калып жатты. Бул мага чоң стимул болду.
– “Кичинекейимден эле ишкер болом деген тилегим бар” деп айтып келесиң. Бир иштин учун чубап, план түзө элексиңби?
– Азырынча эч нерсе ойлой элекмин. Чыгармачылык менен эле жүрөм. Буюрса, бул кыялымды сөзсүз ишке ашырам.
– Жакынкы арада жеке жашооңдо өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?
– Ырчылардын үй-бүлө куруп жатканын көрүп, үйлөнө берсемби деген ойлор келүүдө. Бирок кимге деген суроо көңүл өйүйт.
– Кыздар менен таанышууда кандай ыкмаларды колдоносуң?
– Таанышууда “фирменный” ыкмам деле жок. Көп жигиттер кыздар менен таанышканда уялышат го. Анан “таанышсам болмок” деп көп өкүнүшөт. Ошондуктан уялып барбай койгондон көрө барып “отказ” алып келгеним жакшы деп эсептейм.
– Шайлоого карата үгүт концерттерге катыша баштасаң керек. Чакыруу алганда аброюнабы же акчага карайсыңбы? Деги эле саясатка тилиң өтөбү?
– Негизи, ырчымын деп эле өлкөңдө эмне саясат болуп жатканына көңүл бурбай коюу туура эмес. Адам бардык жагынан өзүн маалыматка толтуруп туруусу керек. Кээде ырчылар менен отуруп калганда “тиги тигиндей ыр жаздырыптыр, ал мындай ырдаптыр” деген сөздөрдөн тажап кетем. Ал эми талапкерлерден сунуш алганда өзүм ишенген, добушумду бере турган адамдын сунушун кабыл алдым.
– Кийинүү стилиңде өзгөчөлүк бар. Бир кепкаңды көп киесиң...
– Калпак күнүндө калпак деле кийип чыккам. Ооба, менин бир кара кепкам бар. Аны абдан жакшы көрөм. Өзүнчө окуясы да бар. Жыртылып калса да ыргытпай илип коём.
– Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Казакстанда белгилүү болгон “Ринго” тобунун продюсери менен бир долбоордун үстүндө иштемей болдук” деп калдың эле, ушул өңдүү сунуштар түшсө, Кыргызстанды таштап кетесиңби?
– Биринчиден, бул жакта иштерим көп болгондуктан, жогоруда айтылган сунуш боюнча, алар менен байланышууга убакыт тар болуп жатат. Бирок бизге чектеш Казакстан, Өзбекстан сыяктуу тегерек-четтеги өлкөлөрдөн сунуш түшсө, кабыл албайм. Ал эми Европа болсо, анда эки колум менен макулмун. Себеби ал жактан кыргызстандык деп баары бир элимдин атын чыгармакмын.
– Шоунун мен-мен деген жылдыздары актёрлук чеберчиликтерин сынап көрүп жатышат. Сени да бир тасмадан көрө алабызбы?
– Жакшы сөз бар “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген. Бизде таланты бары, жогу деле киного тартылып жатышат. Бир чети кино тарткандар аты элге билинген ырчыларды тартуу менен көрүүчү топтоону максат кылгандай сезиле берет. Албетте, ырчылардын арасында бар, таланты барлар. Мисалы, Съездбек байке. Менин актёрлук дараметим жок. Ыйла десе ыйлай албайт болушум керек. Бирок өзүмдүн мүнөзүмө ылайык роль болсо тартылып көрмөкмүн.
– Сени кейиткен нерсе?
– Биз сындаганды жакшы көрөбүз. Бир эле мисал, “тиги жылдыз менен сүйлөштүм, мындай бала экен” деп жакшы жактарын айтуунун ордуна “эй, мен аны башка чаппадымбы, сөкпөдүмбү” деп мактанганды жакшы көрөбүз. Бул биздин сабатсыз, маданиятсыздыгыбыз.
– Сени кубанткан нерсе?
– Жакында эжем турмушка чыкты. Жезделүү болдум. Алгач аябай ичим ачышты. Бирок алардын бактылуу көз караштарын көрүп, кубанып жүрөм.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg