БРОНХИТТИ АНГИНА МЕНЕН ТАМЕКИ ДА ЖАРАТАТ

Суук түшүп, жамгырдын сезону башталары менен бронхит оорусу кошо козголот. Бул оору эмнеден келип чыгат? Кантип айыктырууга болот? Буга жооп издеп, Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн врачы Айгүл Байжигитовага кайрылдык.

БРОНХИТ ДЕГЕН КАНДАЙ ООРУ?
Бронхит майда кекиртекчелердин (бронхтор) былжыр кабыкчаларынын сезгениши. Сезгенүүдөн улам майда булчуңдар кысылат, былжыр кабыкчалар шишийт, калыңдайт. Былжырлар (какырык) көп бөлүнүп чыгып, кекиртекчелердин көңдөйлөрүн бөгөп калат. Кекиртекчелердин катмарлары оңолбос болуп бузулуп, инфекциядан коргонуусу төмөндөйт.
Бронхиттин курч кармаган жана өнөкөткө айланган 2 түрү бар.

ЭМНЕЛЕР КОЗГОЙТ?

  • Көбүнчө вирустар жана бактериялар козгойт. Андыктан грипптин, дем алуу жолдору аркылуу жугуучу вирустук инфекциянын (ОРВИ) жана тамак ооруларынын: фарингит, ларингит, тонзиллиттин (ангина) өтүшүп кетишинен келип чыгат. Тактап айтканда, жогорудагы оорулардан дарыланбаганда же толук айыкпаганда оору козгогучтар мурун, тамактан бронхторго түшүп, майда кекиртекчелердин былжыр кабыкчаларын сезгентет.
  • Булганган аба менен дем алуу. Буга төмөнкү факторлор кирет:

А)Тамеки тартуу. Адам чылым чексе же тамеки түтүнүнөн дем алса.
Б) Кесиптик факторлор. Цехте иштеген тигүүчүлөр (матадан чыккан пыр), пахтаны кайра иштетүүчү жайда иштегендер, шахтёрлор жана башкалар.
В) Имараттарды, үйлөрдү кыш мезгилинде жылытуудан улам чаңдаган аба (түтүн, ыш), тамак бышыруудан чыккан жыт жана башкалар.
Г) Автомобилдерден чыккан иштетилген газдар.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Оорунун белгилери: кургак жөтөл (айрыкча эртең менен), дене табынын көтөрүлүшү, бат чарчап, шалдыроо. Какырыктын чыгышы, көкүрөк туштагы оорутуу (оорутуу далыга дейре берет), кээде аба жетпей муунуу. Өнөкөткө айланган түрүндө дене табы көтөрүлбөйт, көтөрүлсө да 37 градустан ашпайт.

АЛЛЕРГИК БАЛДАР БРОНХИТКЕ ЖАКЫН КЕЛЕТ

  • Жогоруда айтылгандай, булганган аба да бронхитти жаратат. Андыктан аллергик (аллергиядан жабыркаган) балдар жатуучу бөлмөдө от жагылбашы, аба таза болушу керек. Үйдө тамеки чегилбеши зарыл.
  • Дене табы көтөрүлгөндө аны түшүрүү үчүн курамында аллергияны козгоочу заттар: бүлдүркөн, кулпунайы бар дары-дармектерди бербөө зарыл. Ошондой эле лимон же бал менен чай берүүгө да болбойт. Булар аллергия менен кошо бронхитти күчөтөт.

ДАРЫЛОО
Дарылоонун негизин кекиртекчелерди кеңейтүүчү дары-дармектер түзөт. Алар:

  • Кекиртекчелердин булчуңунун карышып, кысылганын таратып, демиккенди азайтат.
  • Былжырдын (какырык) көлөмүн азайтып, анын бөлүнүп чыгышын жеңилдетет.
  • Уйкунун сапатын жакшыртат.

Булардан тышкары дарылык дем алуу көнүгүүлөрү да жүргүзүлөт.

ДАРЫЛАНБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?

  • Өпкөнүн организмди кычкылтек менен жабдуусу бузулат.

Мындай учурда адамдын өңү көк тартып турат. Көбүнчө кулак, анан колдорунун, мурдунун учу.

  • Пневмофиброз оорусу келип чыгат.
  • Жүрөктүн оң карынчасы чоңоёт. Бут шишип, боор чоңоёт. Организм кычкылтек менен камсыз болбой, жасалма дем алуу күтүлөт. Өпкө кан тамырында басым көтөрүлөт жана башка.

БРОНХИТТИН АЛДЫН АЛУУ

  • Өнөкөт бронхит оорусу барлар (шахтёрлор, тигүүчүлөр жана башкалар) башка ишке өтүүлөрү керек. Үйгө меш жагылса, үй жакшы желдетилиши шарт. Тамак бышырганда каңырсыган жыт чыгып кетиши үчүн форточканын ачык турушу оң.
  • Иммунитетти чыңап, суукта жука кийинбөө зарыл.

ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУГА БОЛБОЙТ!
Чоңдор өздөрүн да, анан балдарды да өз алдынча дарылоого болбойт. Мисалы, кээ бирөөлөр иттин, суурдун майын ичирип, көкүрөккө койдун майын шыбашат. Майдын вирусту, микробду өлтүрө турган касиети жок. Тескерисинче, май өпкө-боорго күч келтирип, оорудан алсыз болуп турган адамдын абалын оорлотот. Демек, май шыбоо – ооруну ого бетер күчөтүү дегендик.
Андыктан оору белгилери били­нер замат врачка кайрылып, анын сунушу менен гана дарылануу кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
dastan1405
2011-10-17 12:18:07
oruu otushup ketpesh uchun koreaga kelgile ozu ele aiygat
0
Kyrgyz-Sher
2012-04-03 14:21:54
кантип
0
aziret_voin
2014-06-14 20:17:02
Менин да бранхитим баар кыргызстанда чан кооп болгондуктан болницадан башым чыкпайт. Азыр Аллахыма шугур якутяда журом 3жыл болду бронхитим кармабай эле журом
0
aziret_voin
2014-06-14 20:18:27
Бранхит кармаганда Беротек Н деген спрей бар ошону колдонгула 5 секунда жардам берет
0
baky-baku
2014-11-06 18:52:57
aziret_voin, беротек н деген аптекада болобу даарыбы,менин куйомдун бронхити барда
0
aziret_voin
2014-06-14 20:19:45
Бул оруу мн эч ким оорубасын дейм аллахым меримдуу дарт берген сон шыпасын берет деп ишенем
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан