СУЛАЙМАН ТОО– КАСИЕТТҮҮ ТОО

Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган.
Узундугү – 1140, туурасы – 560 метр. Шаарга салыштырмалуу бийиктиги 300-350 метр.
Сулайман тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт.
XVI кылымга чейин Сулайман тоо Баара-Кух деп аталганы маалым.

Пайгамбар байырлаган жер
Тоонун аталышы Сулайман пайгамбардын (Инжилдеги Соломон) аты менен байланыштуу. Акылмандыгы жана кең пейилдиги үчүн Кудай ага 500 жин зорго көтөрүп жүрө турган таштан жасалган так белек кылат. Пайгамбардын буйругу менен жиндер такты алыскы жакты көздөй көтөрүп жөнөшөт. Жүрүп отуруп, акыры абасы таза, чокусун кар баскан тоосу бар жерге алып келишет. Пайгамбар мына ошол жерди гүлзардуу жерге айланткысы келет. Бирок, мында суу жок болгондуктан, жиндерге мөңгүлөргө кеткен жолдогу тоскоолдуктарды жок кылып, дарыяга нук салууга буйрук берет. Ошентип, Ак-Буура дарыясы пайда болот. Ал эми пайгамбардын тагы коюлган тоо Сулайман так, Сулайман тоо деген атакка конот.
Чокулардын аттары
Тоодо 5 чоку бар:
1) Баара-Таг же Сулайман тоо. Мында Бабурдун үйү (музейи жайгашкан).
2) Шор-Таг (“Ак туздуу чоку” дегенди түшүндүрөт).
3) Рушан-Таг (“Эң бийик”, “эң жарык” деген маанини берет).
4) Ээр-Таг (“Ээрге окшош тоо”). Чокунун түндүк капталы көрүнүшүнө жараша Каттама-Таш деп аталат.
5) Кекилик-Учар.
Үңкүрлөр
1) Биринчи чокуда эки үңкүр жайгашкан.
Түндүк жагындагы бирөөсү барууга мүмкүн эмес жерде. Аталышы да жок, изилденбеген дагы.
Экинчиси – Чакатамар. «Чакатамар» сөзү “тамчы” дегенди билдирет. Бул үңкүр барган адам үчүн таңкалычтуу, сүрдүү. Ал жерге кирчү жол өтө кууш. Бир адам батчу тар жол менен сойлоп киресиң. Шам жаксаң ичинен ачылып турган китеп сыяктуу таш көрүнөт. Аалымдар анда курандын “Аятолл курси” аятынан үзүндү бар экендигин айтышат. Жазында үңкүрдүн төбөсүнөн тамчы таамп турат. Жайында боорун сыйпаласаң кол нымдашып калат. Тамчынын дарылык касиети бар делет.
2) Экинчи чокунун капталында Тепе-Үңкүр (Бийиктеги үңкүр) жайгашкан.
3) Ушул эле 2-чокуга Чилтен-Хан (Тешик-Таш деп да аталат) үңкүрү тийиштүү. Мунун 3 оозу бар.
4) Үчүнчү чокуга тиешелүү кезектеги үңкүр Ишен-Үңкүр деген атка ээ (элдер “ой жүгүртүүгө арналган үңкүр” дешет).
Ушул эле чокуда Руша-Үңкүрү (Бүркүттөр үңкүрү) да жайгашкан. Бул эң чоң үңкүр. Учурда мында музей орун алган. Үңкүрдүн чыга беришинде петроглифтер сакталып калган.
6) 5-чокуда жайгашкан үңкүр Хуркыз (Үркыздар же нур кыздар дегенди билдирет) деп аталат. Уламышка караганда, бул жерди Үркыздын жаны (духу) байырлайт.
Ыйык жайлар
Бел таштан бели, бөйрөгү ооруган адамдар 7 жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар 3 же 1 ирет сыйгаланууга тийиш. Маалыматтарга караганда, шыпаа тапкандар көп.
Кол таш деп аталган жайга сыйынганы келгендер ооруган колун салып, ичинен тилек тилешет. “Жакшылап көңүл бурган адам манжаларынын учу чымыраганын сезет” деп айтылат.
Бешик энеге балалуу болбой жүргөндөр көп келишет. Андагы көзөнөк ташты эки колу менен кармап, маңдайын ага тийгизип, ичинен тилек тилешет. Сыйынгандардын тилеги кабыл болгон мисалдар көп.
Хуркызга кыз-келиндер барышат жана өзүлөрүнүн аруу-тилектерин айтышып, Жараткандан аларды ишке ашыруусун суранышат.
Эркектер сыйынуучу жай Кырк чилтен деп аталат. Уламышта бул үңкүр – жигит пири Шаймерден түнөп кеткен ыйык жай. Жоокерчилик заманда жоого аттанар эр-жигиттер ошол жерге барып сыйынышчу экен.
Сулайман тоо ме чити же Бабурдун үйү
Бул жай ХVI кылымга таандык архитектуралык эстеликтин үлгүсү болуп эсептелет. Улуу Моголдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана ойчул Бабур Захиреддин Мухаммеддин үйүн эл Сулайман тоо мечити деп да аташат. Бубур айтылуу Амир Темирдин (убагында борбору Самарканд болгон Мавераннахр өлкөсүнүн ханы) урпагы болгон жана 1483-1530-жылдары жашаган. 11 жашында атасынын ордуна Фергананын ханы болуп дайындалган. Кийин Түндүк Индияны басып алып, анда Улуу Моголдор өлкөсүн негиздеген.
Бабурдун үйүнө барган сыйынуучулардын суранычы менен мечиттин ичинде отурган молдолор рухтарга арнап куран окушат. Бабур өзүнүн “Бабур-наме” деген китебинде Ош шаары жана Сулайман тоосу тууралуу жакшы пикирлерди жазып калтырган. Китебинде Оштун абасы таза, аккан суусу көп экендигин, тоонун кырына сөрүлүү имарат салдырганын да камтыган.
Атеисттер 1963-жылы Бабурдун үйүн буздуруп салышкан. Кийин 1991-жылы сакталып калган материалдардын жардамы менен бул тарыхый эстелик кайра калыбына келтирилген.

ХХ
Сулайман тоосунда жогорудагылардан тышкары XVI кылымга таандык Рават-Абдулла хандын мечити жана XVIII кылымга таандык Асаф-ибн-Бурхиянын күмбөзү жайгашкан. Күмбөздүн кире бериши өтө кооз оймо-чиймелер менен кооздолгон.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 317, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан