КУРУУЧУ БОЛБОЙ ҮЙ БОЛБОЙТ

Куруучулардын эсине

  • Эмгек келишимин эч качан оозеки түзүүгө болбойт. Ал кагаз жү­зүндө болуп, эки тарап тең кол коюшу керек.
  • Эки тарап тең келишимде көр­сөтүл­гөн тартиптерди так сактоосу керек.
  • Эмгек келишиминде маяна акы жана төлөнүп берилүүчү күн да так көр­сө­түлүшү зарыл.
  • Иштей турган фирма тууралуу толук маалымат алууга аракет кылуу керек.
  • Жумуш берүүчү ар бир жумушчусунун коопсуздугу үчүн жооп берет.
Куруучулар менен таанышууну ири курулуштардан баштоону туура таптык.
Мындай курулуштардын шарты менен таанышып көрүү максатында 1400 квартиралуу үйлөрдү куруп жаткан “Жал Артисти” көздөй жол алдык. Тиешелүү адамдарга эмне максатты көздөп келгенибизди билдирген соң ары ойлонуп, бери ойлонуп жатышып, куруу иши болуп жаткан жерге барып, куруучулар менен таанышууга уруксат беришти. Анан баштарыбызга каскаларды кийип, куруучуларга аралашып баарлашууга өттүк.
“кылганыбызга жараша айлык алабыз”
Биздин биринчи эле сурообуз “айлыгыңар канча?” деген суроо болду. Айтымдарында, эң аз алганы күнүнө 400, ал эми инженерлер 1500 сомго чейин табышат экен. Куруучулар маяналарын айдын акырында бир күн да кечиктирбей ала тургандарын да кошумчалай кетишти. “Эртең мененки 8ден тартып кечки 6га чейин ар бирибиз өзүбүзгө бөлүнгөн жумушту так аткарып бүтүшүбүз зарыл болгондуктан, ашыкча эс албайбыз” дешти. Тамашага салып: “Тамеки тартканды да кыскартканбыз. Канча жакшы иштесек ошончо жакшы алабыз”,- деп күлүп калышты. Ошондой эле күн сайын түштө 60 сомдук ысык тамак берилет экен. Курулуш материалдары кымбат баада чет жерден алынып келгендиктен, “Жал Артистин” куруучуларына биринчи орунда коюлган талап: тактык, этияттык. Кантсе да бир топ убакыттан бери иштеп жатышкандыктан, куруучулардын ичинде корей тилин сүйлөп, түшүнүп калгандар да бар болуп чыкты.
“Күтүлбөгөн кырсыктан коркобуз”
Курулуш иштеринде күтүлбөгөн кырсык көп болот эмеспи. Куруучуларды дайыма кооптондурган нерсе да ушул. Алардын күтүүсүз кырсыктан чочулагандары да жөн жерден эмес. Биз саякат кылган чет элдиктер иштетип жаткан “Жал Артисте “ деле жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда коопсуздук тууралуу келишим түзүлбөгөн. Алардын жападан жалгыз коргоочусу – баштарына кийүүчү каскалар жана колдорундагы кол каптары. “Силерге кандай ыңгай-шарттар түзүлүп берилген?” деген сурообузга жооп ушундай болду окшойт.
Каскалары жок да иштешет экен
“Жал Артистен” чыгып, бир аз басканда эле түрк туугандарыбыз салып жаткан курулушка туш болуп калдык. “Секьюрити” деп боорлоруна жазып алган коопсуздук кызматкерлери бизди босогодон киргизүүдөн баш тартышты. Ошентип, бул курулуштагы жумушчулардын кыймыл-аракетине четтен көз салып турдук. Бул жерде да иш кызуу жүрүп жатыптыр. Кадимки эле кепка, топуларды кийишкен куруучулардын биринин да башынан каска байкай алган жокпуз. Куруучулардын дээрлик көбү жаштар экен. Буларга көз салып турсак, жаныбызга бир бала басып келди. Берик деп ал өзүн тааныштырып, биздин эмне иш менен алек болуп жатканыбызды уккан соң бадылдап сөзгө аралашты.
“Колубуз темирге жабышып калчу”
Берик сөздү өзүнүн 8 жыл бою куруучу болуп иштеп келе жатканынан баштады. “Айылдан акча табам деп шаарга келе бергем. Негизи, биздин айылда бойго жеткен балдар аз эле калган. Жарымы Казакстан, Орусияда, жарымы борбор калаабызда иш кылып жүрүшөт. Мен да алардын катарынан калгым келбеген. Биринчи Лев Толстой көчөсүнө барып ар кандай жумуштарга жалданып иштечүмүн. Негедир мени жалаң эле курулуш иштерине алып кетишчү. Бара-бара бул иштерге “спец” боло баштадым. Анан чоң курулушка кирдим. Жөнөкөй куруучудан прораб болгонго чейин жеттим. Ал жерден чала бүткөн курулуштун ичинде жатып иштечүбүз. Жайында жакшы, ысыбай салкын жатасың. Ал эми кышында бүтпөгөн терезе, эшикке клеёнка кадап алчубуз. Ошентип жүрүп бөйрөктөрүмө суук тийгизип алыптырмын. Ал кезде тамакка деле кайыл боло иштечү экенбиз. Ысык тамак ичсек ичтик, ичпесек жок, бурдап нан жеп алып деле иштей берчүбүз. Жадакалса колдорубузга мээлей алгандан акча аячубуз. Башында кышында колубуз темирге жабышып калып жүдөтөр эле. Кийин жабышпай деле калат. Бир жолу бизге бир бала келген. Ар кимге жардам берип жүрчү. Ошол бала ширетүүчүлөргө жардам бере коём деп көзүн алдырып алып, азыр жакшы көрбөй калыптыр. Ага окшоп курулуш эмне экенин билбей туруп эле иштеп жүргөндөр толтура да. Мына бул жакта иштеп жаткан балдардын көбү эле айылдыктар. Эч кандай кесипке ээ эмес, мектепти бүтүп келгендер. Бизде азыр кыздар үчүн тигүүчүлүк, балдар үчүн куруучулук пайдалуу иш болуп калбадыбы. Ошол, оорукчан болсом да, сырдоо, терезе салуу, чаптоо иштерин кылып дале курулушта жүрөм”,- деп бизге кызыктуу баян куруп жаткан жигитти бирөө чакырды окшойт, шашыла коштошуп басып кетти. Биз да ага ден соолук тилеп узатып койдук.
“Кыш тизген сайын акча санайбыз”
Андан ары Манас проспектисин жээктей салынып жаткан курулуш имараттарынын бирине кайрылып калдык. Абайлай басып жакындаган бизди бир шуулдаган жигит тосуп алды. Аты Чыңгыз экен. Журналист экенибиз­ди угуп кудуңдай сүйүнүп, суроолорубузга жооп бере баштады.
– Чыңгыз, иши­ңиз илгери болсун!
– Илгерилетмек силерден болсун!
– Бул курулушта эмне жумуш кыласыз?
– Мен бригадирмин. Өзүм шыбакчы, “кладчик” (кыш коючу), деги эле баарына жөндөмдүү куруучумун.
– Ал эми азыркы учурда...
– Учурда шыбак менен алек болуп жатам. Колуман 3 метрлик “уровень” (түз шыбоого жасалган таякча) түшпөйт.
– Маянаңыз шыбаганыңызга жараша болсо керек...
– Албетте, 1 метр2 120 сомдон шыбайм. Ал эми “откос” деп коёт, терезенин кырларын, ага 50 сомдон алам.
– Ошондо бир күндө канча жерди шыбай аласыз?
– Эгерде элиталык болсо, бир күндө 50 метр2.
– Элиталык дегениңиз кандай?
– Анын машакаты көп. Бир миллиметрден да жаңылбашың керек.
– Байкашыбызга караганда, чакалаган кошулмаңарды аркан аркылуу көтөрүп жатасыңар...
– Ал аркандын атын “лебедка” (илмеги бар аркан) деп коёбуз. Бул деле жакшы, илгертен калган нерсе. Бирок, кээде чакабыз кыйшайып кетип кошулмабыз төгүлүп калган учурлар деле болот. Негизи, даяр кошулма бизге ыңгайлуу.
– Башында кыш кынаарыңызды да айттыңыз эле...
– Биз ар бир кышты кынаган сайын “акча тизип жатабыз” деп тамашалашабыз. Мисалы, бир кышты 3 сом 50 тыйындан кынайбыз. Ал эми Казакстанда ар бир кышка 6 сомдон алчубуз. Негизи, кыштын баасына жараша болот. Алсак, 10 сомдук кыштар бар. Алар абдан кооз (“облицовка” жасачу кыш). Аларды кыноо кымбатыраак.
– Кокусунан аны сындырып алсаңар төлөйсүңөрбү?
– Курулушта кыш эмес, буту-колубуз деле сынып жатпайбы?! Бир-эки кыш эч нерсе эмес. Андан көп болсо төлөйсүң.
Биздин маекке өзүн Каныбек деп тааныштырган агай да кошулуп калды. Агай курулуп жаткан үйдүн эшик-терезесин коёт экен. Бул жумуштун эң эле кыйынчылыгы айнек-терезелерди тогузунчу кабатка чейин көтөрүп чыгуу экен. “Сындырып алсак, айнек деген неме өтө эле кымбат. Коркконубуз эле ошол”,- дейт.
Куруучунун иши да аба ырайына карата өзгөрүлүп турат. Кышында бурганактай кар жаап, нөшөрлөгөн жаанда өздөрү “спячка” деп тамашалашкандай, уйкуга киришет экен. “Бирок, андайда кубанып деле кетпейбиз. Дайыма эле күн ачык болуп, шатыра-шатман күлүп, иштеп турганга не жетсин. Андайда “үйгө нан таап барышым керек” деп баш катырбайсың дагы”,- дешет бир ооздон куруучулар. Бардык куруучуларга ачык асман каалап коштоштук.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 317, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан