КОМУЗЧУ

Келгиле, ырдайбыз

Сөзү, обону: Элдики

Ой, комузчу, комузчу,
Чертип койчу комузду.
Элжиресин эт жүрөк,
Бийик чыгар добушту.

Мураталы чал тарткан,
«Сынган бугу», «Камбаркан».
Ушул сонун күүлөрдү,
Уккан жандар таң калган.

Ойго келбейт убайым,
Оюнуңа тунайын.
Токтогулдун «Ботоюн»,
Чертип койчу, угайын.

Жерде эмес, бийик көктөсүн,
Жаныңан кыздар кетпесин.
Козгоп-түзөп койдуң бейм,
Жүрөгүмдүн тепкесин.

Ниязалы сайраткан,
Боз торгойдой айдаткан.
«Сары барпы» күүнү черт,
Тыңшасын булбул чарбактан.

Ак куу канат каккандай,
Дарыя жылып аккандай.
Элестетем бир туруп,
Жаштар бирге баскандай.


Сүрөттүү апыртма

КОЁНДУН КЕГИ


МАКАЛДЫ ТАПКЫЛА

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rnur
2011-10-17 16:27:40
Карынын созун капка сал деген макал турбайбы Супер Инфо
0
Tokmok
2011-10-18 01:29:21
ы- birooleken, eki jolu koldongo go bolso anda tuura taapsyn Rnur :)
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан