ЖЕРДЕ ЖАШАГАН ЖЫЛДЫЗДАР

ЛЮДМИЛА ГУРЧЕНКОГО ТИРҮҮ КЕЗИНДЕ ЭЛЕ ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛУУДА
Белгилүү орус актрисасы Людмила Гурченконун 70 жаш юбилейине карата Украинанын Харьков шаа­рынын опера театрынын алдына актрисанын эстелиги тургузулуу­да. Актрисага эстелик орнотуу тууралуу сунушту депутат Александр Фельдман ушул жылдын башында сунуш кылган. Гурченкону рекорд китебине киргизсе болот. Анткени, ал актрисалардын ичинен мүчөсү келишкен, эң ичке белдүү айым. Учурда Людмила Марковнанын төшү 88 сантиметр, бели 56 сантиметр, жамбашы 96 сантиметр, ал эми салмагы 58 килограмм. Ырчы өзү 70 жашта болсо да диета кармап, мү­чөсүнүн сымбаттуу болушуна кам көрүп келет.

ГАЛКИН ӨЗҮНӨ АК САРАЙ КУРУУДА
Ар тараптуу таланты менен популярдуулукка жетишип келген пародист, телеалпаруучу Максим Галкин өзүнө ак сарай тургузууда. Тактап айтканда, Подмосковьенин жакшы делген жерине чыныгы миллионердин өргөсүн курууда. Галкиндин өргөсүн кээ бирөө­лөр “жагымсыз курулуш” деп айтышат. Анткени, ак сарай орто кылымдагы үйлөрдүн стилинде курулган. Ал эми архитекторлор жылдыздын бардык талаптарын канаат­тан­дыраар­лык кылып аткарууга аракеттенгени менен кээ бир жерлеринде кемчиликтер байкалат. Бирок, андай нерселерге көз жуумп койсо болот эмеспи. Бир гектар жерге салынган үйдүн аянты 700 квадрат метрди түзөт. Тургузулган үйгө кеткен каражат бир нече миллион рублди чапчыйт. Бул үй чын эле миллионердин үйү десек болот. Анткени, үйдө бир канча уктоочу бөлмө, бассейн, сауна, кино кө­рүү­чү зал, спорт зал, бильярд ойноочу жай айтор, бардык шарттар тү­зүлгөн.

ВИТАС ЖАШЫРУУН ҮЙЛӨНДҮ
Өзүнүн сырдуу имиджи менен көптөрдү кызыктырып келген Витас үйлөнүү тоюн жашыруун өткөрдү. Той жана дегеле тойго даярдык тууралуу саналуу адамдардан башка эч ким кабардар болгон эмес. Ошондой эле үлпөткө чакырылган коноктор да той кайсыл жерде өтөөрүн акыркы күнү гана билишкен. Витас журналисттердин тойго келишине тыюу салган. Ошондой эле конокторунан фотоаппарат, чөнтөк телефондору жок келүүсүн суранган. 7 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшүп, эми турмуштун ысык-суугун бирге татууну чечкен эки жаштын үйлөнүү тою Кара деңиздин боюндагы Совиньон шаарчасында өттү. Бакыт үйүнө 23 жаштагы Светлана аппак көйнөк кийип, үстү ачык кызыл “Кабриолет” менен келди. Ал эми Витас үстүнө ачык түстөгү костюм кийип, “Мерседес” менен келди. Бакыт үйүндө эки сааттай болгондон кийин Витас жубайын ал жерден жонуна көтөрүп чыкты. Андан соң тойго келген 50гө жакын коноктор болуп тойду “Зодиак” ресторанынан улантышты. Той шайыр тамаданын алпаруусунда кызыктуу оюндар менен коштолду. Ошондой эле эки жашты куттуктап, Москвадан Витастын чыгармачылык тобу – акын Дмитрий Плачковский, акын жана обончу Юрий Самсон, Түркияда эс алып жаткан Витастын продюсери Сергей Пудовкиндер келишти.

ГЛЮКОЗА 3 АЙЛЫК БОЮНДА БАР ЭКЕНИН ЖАШЫРУУДА
Наташа Ионова үч айлык боюнда бар экендигин бал айынан кайтып келгенден кийин гана билди. Бирок, бул жагымдуу жаңылыкты Глюкоза жолдошуна айтканга шашылган жок. Качан гана медициналык тест аркылуу кош бойлуу экендигин аныктагандан кийин жолдошуна сүйүнчүлөдү. Эки жаш бул жаңылыкты ресторанга барышып, спиртсиз ичимдиктер менен белгилешти жана балалуу болушаарын эч кимге жарыялабоого сөз беришти. Ырчынын жолдошу Александр Чистяков Глюкозаны убактылуу коомдук жайларга барбай, элге көп аралашпоосун суранды. Көп нерсеге кызыккандардын көзүнө түшпөөнү көздөгөн ырчы учурда жолдошунун шаардын четиндеги резиденциясында. Ушул аптада Глюкоза медициналык борбордун адистерине кеңеш алганга бармакчы.

ЛЕОНИД АГУТИН МЕНЕН АНЖЕЛИКА ВАРУМ АЖЫРАШКАНЫ ТУРУШАТ
Орус эстрадасынын кош жылдызы Леонид менен Анжеликанын ортосунда жарака пайда болду. Экөөнүн түтүн булатып чогуу жашап жаткандарына алты жыл болсо да Элизавет аттуу кызынан башка эркек балалуу болуша элек. Ушундан улам эркек балалуу болуу маселеси ырчылардын үйбү­лө­сүндө көй­гөйлүү маселелердин бирине айланган. Бир жарым жылдан бери Анжелика менен Леонид балалуу болууну пландашып, кам көрүп келишсе да, эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Экөөнүн ортосундагы чыр-чатак да ушундан чыгууда. Леонид өзүнөн тукум калышын каалай тургандыгын интервьюларында ачык айткан. Ал эми Анжелика болсо боюнда болбой жатканын жолдошунан көрүп, аны жемелеп келет. Анткени, Леонид ичкенди жакшы көрөт. Эки жылдыз эл алдына чыкканда бактылуу көрүнүшкөнү менен үйүндө экөө эки башка бөлмөлөрдө жатышат.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан