“ЧАЛ-КЕМПИРДИН ЧАТАГЫН” ЭЛ-ЖУРТ ЭСТЕП КАЛАТ...
Калктын көңүлүн күлкү менен ачкан куудулдарыбыз саналуу гана. Дайыма кемпир-чалдын образын аткарып, боорду эзген сатирасы менен Дөөлөт Мадымаев аттуу агабыз эл эсинен чыга элек болчу. Манас Бердибеков көзү өткөндө күлкү күйөрмандарынын кабыргасы бир кайышса, эми минтип куудул Дөөлөт Мадымаев жарыкчылык менен кош айтышып, аны жакындан билгендердин муун-жүүнүн бошотуп турат.
Дөөлөт Мадымаев 1961-жылы 11-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булаш кыштагында жарык дүйнөгө келген. Апасынан 16 жашында ажырап, үйдүн улуусу болгондуктан, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөрөт. Мектепте тентек, шок, тамашакөй окуучу болгон дешет. Кесиптик орто окууну бүтүрүп, тракторист-механик күбөлүгүн алган. 23 жашында Алайдын Кабылан-Көл айылынын кызы Савлет менен баш кошот. Талант, Гүлназ, Кабыл, Канат аттуу уул-кызды чоңойтуп-өстүргөн.
Маркум Манас Бердибеков Кара-Сууда жүрүп, эл арасынан Дөөлөт Мадымаевдин талантын байкап, чоң сахнага чыгарган экен. Демек, Дөөлөт аганын устаты – Манас Бердибеков десек жарашчудай. Акыркы убакта ичкилик деген жаман илдет жабышканын кесиптеш-сахналаштары кейип айтып жүрүшкөн эле. Кеп ичкиликте болбогону менен, Кудай сүйгөн пендесин алып кетиптир. Артында жубайы, үч уул, бир кызы, анын сатираларын сүйгөн, тамашаларына күлгөн калдайган кыргыз калды. Куудулдун жубайына, балдарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, элесине гүлдесте катары макала жазууну туура көрдүк.
“ДӨКҮ БУТУНДАГЫ ТЕМИРИН ТИГИ ДҮЙНӨГӨ АЛА КЕТТИ”
Сахналаш агасы куудул Келдибек Ниязов Дөөлөт Мадымаевди Дөкү деп чакырчу экен. Дөөлөт ага болсо аны Батька деп атачу. Кесиптешинин каза болгонун угуп, бирде кайгырып, бирде жакшы күндөрүнөн кеп салды Дөкүнүн Батькасы:
– Дөөлөткө “сени Абдылда эмнеге кемпир дейт, ыя?” деп тамашалап койсом, оолугуп, Абдылданы ата-жотосун койбой сөгүп, “Абдылда менин аялым менен тең да” деп чычалап эле калчу. Байкушум апасы эрте каза болуп, кыйын күндөр башынан өткөнүн көп айтчу. Жогорку билимге ээ болгондо Кудай берген талантын дагы ачмак. Элге Дөкүнүн 20 пайыз гана таланты жетти, калганы кетти. Абдылда, Рахман, Жамбылды өзүндөй кылып келиштире туурачу, ошол бирөөнү туурамай өнөрү өтө өнүккөн эле. Анда берки үчөө чычалап эле жатып калышчу.
Жүргөн жери күлкү да. Бир жолу кайнатасы менен мушташканын айтып боорумду эзгени эсимде. “Бир күнү аялымды чаап жибердим, ыйлаган боюнча төркүнүнө кетти. Үйдө отурсам эле кайнатам велосипед минип жетип келди. Кирип эле мени ичке тепти, мен аны ичке тептим. Жакалашып-жулкулдашып жатсак, кайненем, келинчегим келип, араң ажыратышкан. Ошондон кийин кайнатам менен сыртыбыздан күйөө бала-кайната болсок, ичибизден дос болуп калдык”,- деп айтып бергени бар.
Акыркы жолу быйыл жазда жолуктум. “Батька, уулума Чоң-Алайдан келин алып жатам, барып келбейсиңби кудага?” деди. “Асмандын башына бир үзүм эт үчүн барайынбы” десем, каткырып күлгөн. Ошентип, уулун үйлөп, куда күтүп сүйүнүп жүргөн. Автокырсыктан соң бутуна темир кадап, аксап калбадыбы. “Жакшы доктурларга көрсөтөйүн, темириңди алдыр бутуңдагы” десем “коюңузчу, операция, наркоз дегенден корком” деп болбой койгон болчу. Бутундагы темири менен тиги дүйнөгө кете бериптир, ыйманы саламат болсун! Эч бир куулук-шумдугу жок, куунак мүнөз жигит эле...
Жамбыл Камчиев:
“ТААРЫНЧААК БОЛЧУ”
– Дөөлөт Рыспай Абдыкадыровдун айылынан, алысыраак жээни да болчу. Акыркы жолу аны менен мен, Рахман Разыков дагы башка жаш куудулдар болуп Орусияга барганбыз. Дөөлөттүн тааныштары жолугуп калып, бизди аябай сыйлады. Биз ичкилик ичпейбиз деп сүйлөшкөнбүз, ичкен жок.
Трактор айдап жүргөн жигит ар кимди туурап күлдүрүп, айылдаштары аны жакшы көрүшчү экен. 1987-жыл. “Чал-кемпирдин чатагы” деген номери бар экен, ошону даярдап биз менен Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу сахнага чыккан. Иштешип жүрүп эле бир күнү “Мыскыл жана тамашага” келбей калды. Ал дайыма “мен сахнада чокон эле атам” деп айтчу. Анткени бир эле номер менен чыкчу, ошону “чокон атам” дээр эле. 1992-жылы “Супер куудул” деген сынак болду. Ал сынакта баш байгени Күмөндөр Абылов, 1-орунду Дөөлөт Мадымаев, 2-орунду мен алдым. Дөөлөткө түстүү телевизор тийди. Ошол сынактан соң ага элдин көңүлү бурула баштады. Башта Дөөлөткө карабай жүргөн артисттердин баары аны карап калышты. Айрым адамдардын сөзүнө кирип, Дөкүбүз бизден алыстай баштаса болобу?! Аны бөлүп кеткен балдар менен 1-2 жыл иштешип жүрдү, алар кемсинтип, урганбы, айтор, таяк жегенден кийин, анан кайра келди бизге. Баарыбыз гастролдоп чогуу жүрдүк.
Бир жылы Ноокатта гастролдоп жүрөбүз. Керээли кечке гастролдоп, кечинде биздин үйгө келип конобуз. Бир күнү үйдө чай ичип отурсак, сырттан “ай, тоогуңарды камабайсыңарбы, огородумду чачып жатат” деген кемпирдин үнү чыкты. “Ий, чоң энем келип калган турбайбы” деп шашып чыга калсам, чоң энем эмес эле Дөөлөт турат. Кыскасы, кемпирдин образын келиштире аткарчу. Өзү шайыр жүргөнү менен, таарынчаак жайы бар болчу, болор-болбоско таарынып, сүйлөбөй калмай адаты эле. Маанайы жакшы убакта башынан өткөн окуяларды айтып берсе, ыкшып калчубуз.
Рахман Разыков:
“АРАЛАШТАН” ЭКИ КУУДУЛ КЕТТИ, АТТИҢ!”
– 8-октябрда Дөөлөттүн үзүлгөнүн угуп, 8-сентябрда Манас досум каза болгонун эстедим. Ошентип, “Аралаштан” эки куудул кетти, аттиң! Бир күнү Манас мени талаага ээрчитип барды. “Бир таланттуу жигит бар экен, көрбөйлүбү” деп. Барсам, чоң трактордон башы араң чыккан арыкчырай жигит түштү. Анан Манас “баягы сатираңды ойноп берчи” десе эле жигит токтобой кемпир-чалды туурап кирсе болобу. Талаада эмес, сахнада тургандай келиштире аткарып, көзүмдөн жаш чыккыча күлкүгө салды. Ошол жерден эле “Аралашка” коштук.
Кызыл-Кыяга концерт коюп барып, сахнага чыгаралы десек же жакшыраак костюму жок, же галстугу жок. Анан эптеп кийим таап чыгардык. Сахнага чыгып эле кайра келатат. Көшөгөнүн бир бурчунда мен муштумумду түйүп, аркы бурчунда Манас кыйкырып отуруп кайра чыгардык. Анан “Чал-кемпирдин чатагын” ойноп кирди. Эми элдин күлкүдөн жыгылганын айтпай эле коёюн. Кайра-кайра кол чаап кубатташкан.
Көр тириликтин көйгөйү Дөөлөттү капшыртты окшойт. Акыркы 5 жылда таптакыр эле сахнадан алыстап кеткен болчу. Мындан 2 ай мурда, Орусияга гастролго алып бардым. Ошону ырас эле кылган экем, буулугуп жүргөн адам бир бугун чыгарып, талантын көрсөтүп алган турбайбы деп отурам.
Бир жылдары ичип алганынан урушуп койсок, таарынып кетип калган эле. Манас, мен, Жамбыл, Жолдошбек Мамажанов болуп бир айылга концерт коюп барсак, эч ким күлбөйт биздин тамашаларга. Анан клубдун жетекчиси айтып жатпайбы “кечээ Дөөлөт Мадымаев келип силерди туурап, бүгүнкү койгон тамашаңардын баарын коюп кеткен” деп. Куйма кулак эле да, бизде жүргөндө уккан, билген сатираларын тартуулаган экен. Ошондо каткырып, анан “Жолдошбек аке, сиз ырдап туруңуз, биз Дөөлөт укпаган, көрбөгөн сатираларды даярдай коёлу” деп абалдан чыкканбыз. Аккордеон черте албаганы менен, Рыспай Абдыкадыровдун ырларын мыкты ырдачу. Ал өнөрү да өзү менен кетти.
Талант Мадымаев, уулу:
“АТАМДЫН ЖОЛУН ИНИМ КАНАТ УЛАЙТ”
– Тагдыр экен, 50 жашында атабыздан айрылдык. Атам “ноябрда чыгармачылык кечемди өткөрсөмбү” деп даярдангандай болуп жатты эле. Ойлогон ой-максаты ишке ашпай кете берди. Атам айылда той-топурлардан калчу эмес. Бирөө менен учурашса, аялбы-эркекпи, ошол кишини өзүндөй туурап учурашчу. “Дөкө келатат, бизди туурай электе алыстан эле кол шилтеп кете берели” деп айылдаштар тамашалап калышчу. Үйдө дасторкон жайылса, бир саат жыйылбай турчу. Анткени атам жаш кезиндеги кылык-жоруктарын айтып берип отурар эле. 4-классында тоок уурдап отуруш кылганын айтып берсе, аябай күлчүбүз.
6-октябрда ооруканага түшүп, сегизинде келбес сапарга кетти. Асма укол алып жатканда жүрөгү токтоп калды. Кан тартат экен да. Бир туугандар төртөөбүз тең тамашакөй, шайырбыз. Атамды эң кичинекейибиз көбүрөөк тартты. Райондук, облустук ыр кеселерге Канат белгилүү адамдарды туурап, куудулдук өнөрүн көрсөтүп жүрөт. Атамдын жолун ошол иним жолдойт.
Бурул Исмаилова
star@super.kg