"Мурун жаш өспүрүмдөр спирттик ичимдиктерди 15-16 жашында алгачкы жолу татып көргөн болсо, азыркылар 10-13 жашында эле мындай ишке барышат",- дейт эл өкүлү Айнуру Алтыбаева. Ошентип, депутаттардын демилгеси менен курамында алкоголу аз ичимдиктерди алып келүүгө убактылуу тыюу салынды.
“Элестеткиле, бир эле “Ягуар” деген ичимдикте кофеин, боёочу, жыт берүүчү заттар, бензоат натрий (Е211), көмүр кислоталары бар. Мындай ичимдик жаш өспүрүмдүн ден соолугун талкалайт”,- дешет эксперттер. Ошондон улам ага толугу менен тыюу салуу кажет дешүүдө.