Бала оюнчуктун жардамы менен дүйнө тааныйт, аң-сезимин өстүрөт, максатына жетүүгө үйрөнөт. Бул үчүн ар бир ата-эне оюнчукту баласынын жашына, сапатына карата тандап бериши шарт.
ОЮНЧУК САТЫП АЛУУДА ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?
2-4 АЙЛЫК
2 айга чейин ымыркай жашоосунун көп бөлүгүн уйкуда өткөргөндүктөн, ага эч кандай оюнчуктун кереги жок. Андан кийин ымыркай айлана-тегерегине көз чаптырып, өзүнө тааныш үндөрдү ажырата баштайт. Дал ушул мезгилден тарта ага эң керектүү болгон шылдырактын түрлөрүн сатып берүүгө болот. Шылдырактан чыккан үн ымыркайдын көңүлүн көтөрүп, ыйлаганда соороткондон сырткары баланы түс, үн жана көлөм менен тааныштырып, колу-бутун кыймылдатууга үйрөтөт.
5-7 АЙЛЫК
Бул курактагы наристелердин эң негизги каалоосу – бир нерсеге жетип, аны кармалап, оозуна салуу. Андыктан, балага бир нерсени кармоого, жетүүгө, ыргытууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Ал үчүн жыгачтан, желимден жасалган, түксүз кездемеден тигилген оюнчуктар ыңгайлуу. Ушул айларда көпчүлүк бөбөктөрдүн тиши жарыла баштагандыктан, тиштегенге ыңгайлуу атайын оюнчуктарды сатып берүүнү унутпаңыз.
8-12 АЙЛЫК
Мындай курактагы бөбөктөр үчүн оюнчукка жөн гана жетүү аздык кылат. Мурдагыдай оюнчукту алаканы менен гана кармабай, манжаларынын учтары менен иштөөгө өтөт. Бала оюнчукту бөлүктөргө ажыратып, ыргытып, сындырууга аракет кылат. Бул учурда оңой ажырап, кайра бириге турган оюнчуктарды алуу туура. Аларды ажыратып, кайра жыйноо баланы кыймылдуулукка үйрөтөт.
1-3 ЖАШ
Баланын сезүү органдары өөрчүп, ар түрдүү оюнчуктарды талап кылган учуру. Бул куракта бала жөн гана ойноого алымсынбай, өз колу менен бир нерсе жасоону каалайт. Андайда бир гана баланын колу иштебей, ой жүгүртүүсү да өнүгөт. Оюнчуктардан чыккан үн да чоң мааниге ээ. Ышкырыктын, сурнайдын, коңгуроонун, барабандын үндөрү жана жумшак оюнчуктар бул курактагы балдар үчүн зарыл.
3-5 ЖАШ
Бул курактагы балада өзүнө окшош нерселерге, ар кандай жаныбарлардын, адамдардын фигураларына болгон кызыгуу күчөйт. Сиз тандаган жаныбарлар балага тааныш болууга тийиш.
Тандаган куурчагыңыз ийилчээк, кийими кийилип-чечиле тургандай болууга тийиш жана өтө кооз болбошу керек. Анан да анын жыныс белгиси көрсөтүлбөшү керек. Кызыңызга Барби куурчагын сатып берүүдөн качыңыз. Анын өзгөчө мүчө-келбети, саркеч кийимдери баланын адаттан тыш эрте жетилүүсүнө таасирин тийгизет.
Ошондой эле бул курактагы балдарга эреже менен ойнолуучу, чүкө, домино сыяктуу оюндарды үйрөтүү туура. Мындан бала кезек күтүүгө, бир нерсеге көңүл коюуга, таамай атууга, негизи эле аракет кылууга үйрөнөт. Мындан тышкары жумшак оюнчуктар да дал ушул курак үчүн. Алар балага коопсуздук жана тынчтык сезимдерин берет.
5-10 ЖАШ
Бир нерсени жаратуучу курак. 5-10 жаштагы балаңыз үчүн өз колу менен бир нерсе жасоосуна шарт түзүп бериңиз. Буларга кызыктуу, сүрөттүү китептер, көп бөлүктөн турган конструктор, пазл, сүрөт тартуучу такта, музыкалык аспаптар, стол оюндары сыяктуу нерселер туура келет.
«ДОСТОРДУН» ТАЗАЛЫГЫН САКТАЙЛЫ!
КЫЗЫЛ ОЮНЧУК КЫЖЫРДЫ КЕЛТИРЕТ
Кызыл түс баланын кыжырын келтирип, чыргоолонтот. Балага бир өңчөй кызыл түстөгү оюнчук сатып берүүдөн качыңыз. Башкачасы болбосо, сары, ачык жашыл өңдөр менен айкалышып жасалган оюнчуктарды алып бериңиз.
Жалаң көк түстөн даярдалган оюнчуктан бала бат тажайт. Мындай өңдөгү оюнчук менен ойногон баланын кабагы бат бүркөлүп, түнт тартат. Ошондуктан көк түстү ак, көгүш түстөр менен айкалыштыруу керек.
Сары жана жашыл түстөрдөн жасалган оюнчуктар менен баланы жалгыз калтырууга да болот. Анткени бул өңдөгү оюнчуктар баланын маанайын көтөрүп, зериктирбейт.
Мындан сырткары жыл мезгилдерине карата да оюнчуктар тандалат. Мисалы, балдарга жайкысын муздак өңдөгү: ак, көк, көгүш, жашыл, кызыл түстөрдүн айкалышынан, ал эми кышында жылуу өңдөгү: сары, кызгылт сары түстөрдө жасалган оюнчуктарды сатып берүүгө болот. Мындай түстөгү оюнчуктар балдардын маанайын көтөрүп гана тим болбостон, ысык өтүүдөн, суук тийүүдөн да сактайт экен.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg