Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. ГОВАРД ХЕД (1914-1991)

ТИШ ДОКТУРДУН БАЛАСЫ
Жашоодо көпчүлүк адамдар кандайдыр бир кыйынчылыктан кийин моралдык жактан сынып калышат. Бирок бул инноватор андайлардан эмес. Говард Хед АКШнын Филадельфиясында 1914-жылы 31-июлда туулган. Чындыгында, үй-бүлөсү жакшы жашаган. Атасы кесиби боюнча тиш доктур болгондуктан, анын тиш дарылоочу менчик борбору бар эле. Андыктан бактылуу балалык доорун сүргөн. Бир тууган эжеси атактуу жазуучу болгондуктан, Говард да анын жолун уланткысы келет. Бул тармакта ал аябай изденип, 3 жолу жумушун алмаштырат. Анан гана адабият ал үчүн эмес экенин түшүнөт. Бирок болбой эле Гарвард университетине адабият жаатында билим алуу үчүн тапшырат. Биринчи семестрден кийин билим алып жаткан тармагы ага жакпай, техникалык факультетке которулуп кетет. Өз ордун мына ушул жаатта табат. Окууну мыкты аяктап, инженердик адистикти аркалайт. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Балтимордогу "Глен Мартин Эйркрафт Компанинин" конструктордук бөлүмүндө эмгектенген.

ЭКИ СПОРТ ТҮРҮН ЖАҢЫ НУККА САЛГАН:

1. Лыжаны алгач металлдан жасаган
Жазуучулук жаатында ийгилик жарата албаган инноватор өмүрүнүн акырына чейин эки спорт түрү менен машыккан. Бири – лыжа тебүү, экинчиси – чоң теннис. Өмүрүнүн аягында ал анык триумфатор боло алган. Анын жеңиши спортто эмес, спорт түрлөрүнүн өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымында.
1946-жылы Говард достору менен кокустан эле лыжа тепкенге барып калат. Тоодон жыгач лыжаны тебе албаганына абдан кыжырданат. Кайра үйүнө кайтып келатып, досуна “мындан да мыкты лыжа жасай алам” деп айтып алат. Ошентип, 1948-жылы мурунку жумушунан чыгып, бир бөлмөнү ижарага алып ишке киришет. Керектүү каражаттарды покер ойноп утуп алган 6 миң доллар акчасына сатып алып, металлдан лыжа жасаганга бел байлайт. Биринчи жылы күнү-түнү иштеп, 6 жуп лыжа жасайт. Бирок анын лыжаларын биринчи көргөн эле конструктор 1 сааттын ичинде баарын сындырып салат. Кийин ал “ар бир лыжа сынганда менин жан дүйнөмдүн бир бөлүгү сынгандай эле болгон” деп эскерген. Ага жини келген инноватор кийинки эки жыл бою улам текшерүүдөн өткөрүп, 40 жуп лыжа жасап чыгат. Анын лыжасы бул ирет алюминийден жасалып, бурулууга ыңгайлуу келип, четтерине болот капталат. Бышык болушу үчүн ички көңдөйүнө фанера коюлуп, карда мыкты тайгандай асты пластиктен жасалган. Бул ирет анын лыжаларын конструкторлор сындыра албай коюшат. “Стандарт” аталышында патенттелген лыжалар Говардга “Хед Скай” фирмасын негиздегенге түрткү берет. Жыйырма жылдан кийин фирмасын 16 миллион долларга сатып жиберген.

2. Чоң теннистин ракеткасын чоңойткон
55 жашында үйүнүн артына теннис кортун салдырып, бул спортко кызыгуусу абдан артат. Бирок Говард ушунчалык олдоксон болгондугуна байланыштуу машыктыруучусу “сен топ ыргытып берген машина сатып алып өзүнчө машык, мен сени машыктырбайм” дегенге чейин барат. Ага макул болуп, “Принс” аттуу машина сатып алат. Бирок машинанын иштегени Хедге жакпайт. Инноватор машинаны чачып көрүп, анын иштөө системасын жакшыртат да, аны чыгарган фирмага жаңы технологиясын сунуштайт. Фирманын ээлери анын сунушун четке каккан соң Хед ал фирманын акцияларынын жарымын сатып алат. Бирок баары бир теннис ойноосу ойдогудай боло бербейт.
Ошентип, теннис ракеткасын чоңойтуу идеясы жаралат. Анан ал АКШнын Теннис ассоциациясынын эрежелерин кылдат карап чыгат. Чын эле ракетканын өлчөмү жөнүндө эч кандай маалымат берилбегендигин байкайт. Анан баарын жакшылап изилдеп чыгып, ошол кезде ойнолчу ракетканын өлчөмүн чоңойтот жана салмагын мурункуга караганда кыйла оорлотот. Анын бул инновациясы спорттун бул түрүнүн өнүгүшүндө чоң бурулуш болгон. “Принс ракеткасы” деп чыгарылган ракеткалар ага миллиондогон киреше алып келген. Белгилүү бир мезгилден кийин фирмасын дагы сатып салган. Ошондон бери бул эки спорт түрүндө тең Хед сатып жиберген фирмалар дүйнөлүк рынокто басымдуулук кылып келет. Бул эки инновация лыжа жана чоң теннистеги эң чоң бурулуш эле.
Жеке жашоосуна токтолсок, 3 жолу үй-бүлө куруп, бир кыздуу болгон. 1991-жылы 4-мартта 77 жаш курагында дүйнө салган.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Alibek_Forever
2011-11-08 22:49:25
Эми ушул да озгортконго жатабы!
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан