Кыргыздар ич эттерден жөргөм, быжы, куурдак сыяктуу даамдарды жасап келишкен. Акыркы кездери ич эттерди тазалагандан эринишеби, айтор, төгүп салышууда. Аларды ысырап кылбай, ар түрдүү даамдарды жасоого болот.
БООР “ЗАПЕКАНКАСЫ”
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Боор – 500 грамм
Түстүү капуста – 1 баш (чакан)
Пияз – 1 баш
Кумшекер – 1 чай кашык
Жумуртка – 3 даана
Каймак – 100 грамм
Cыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
Бөлүктөргө ажыратылган түстүү капустаны туздуу сууда 5 мүнөт кайнатып, сууганча коё турабыз.
Андан соң койдун боорун чел кабыгынан ажыратып, чоң-чоң кесимдерге бөлөбүз. Тууралган боорду пияз менен биргеликте күчтүү отто 5-7 мүнөттөй кууруйбуз. Татымына жараша туз, кара мурч жана 1 чай кашык кумшекер кошобуз.
Чийки жумуртканы чагып, ага каймак, татымына жараша туз, кара мурч кошуп, жакшылап чалабыз.
Эми көмөчтанга алгач түстүү капуста, анан куурулган боорду салып, үстүнө каймак менен жумуртка аралашмасын куябыз. Эң үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, көмөчтандын капкагын жаап, жай отто 10-15 мүнөт демдеп коёбуз. Дасторконго коёрдо жашылчалар менен кооздоп койсоңуз болот.
ЖҮРӨК САЛАТЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун жүрөгү – 2 даана
Бадыраң – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Жумуртка – 3 даана
Майонез – 150 грамм
Укроп – 1 тутам
Лавр жалбырагы – 2 даана
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач жүрөктү таза жууп, сууга бышырып алабыз. Лавр жалбырагын кайнап жаткан сууга салууну унутпаңыз. Бышкан жүрөктү муздагандан кийин чарчы кылып туурайбыз.
2. Бадыраңды чарчы, ал эми пиязды жарым тегерек түрүндө туурап даярдайбыз.
3. Тууралган азыктарды аралаштырып, салат салынуучу идишке салабыз да, үстүнө майонезди куюп, сүргүчтөн өткөрүлгөн жумуртканы себелейбиз. Фантазияңызга жараша укроп менен кооздоп койсоңуз болот.
КАРЫН САЛАТЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун же уйдун карыны – 500 грамм
Сабиз – 500 грамм
Сарымсак – 4-5 тишче
Кумшекер – 1 аш кашык
Уксус – 2 чай кашык
Соя соусу – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 4-6 аш кашык
Корей салаттарына кошулчу татымал, татымына жараша туз, кызыл мурч
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач карынды жууп-тазалап алабыз. Анан ага кайнак сууну жаба куюп жыдытып, бычактын мизи менен аппак болгуча кырып тазалайбыз. Андан соң карынды сууга бышырып, муздаганда чарчы кылып туурайбыз.
2. Сабиз, сарымсакты аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, татымалдарды кошуп кадимки корей салатын даярдап алабыз. Аягында буга тууралган карынды кошуп аралаштырып, даамына келгенче 2-3 саатка муздак жерге коюп коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg