Вьетнам
КЫЗ ҮЧ ЖЫЛДА КЕМПИРГЕ АЙЛАНДЫ
Вьетнамдын 26 жаштагы жашоочусу Нгуен Тхи Фуонг акыркы 3 жыл ичинде сулуу кыздан кемпирге айланып чыга келди. Окумуштуулар жана врачтар мунун сырын биле албай баштары маң.
Кыз бала кезден деңиз азыктарынан аллергия болуп келген. 2008-жылы ал акчасынын жогунан врачка кайрыла албай, күйөөсү экөө дарыканадан кандайдыр бир дары сатып алышат. Дарыны иче баштагандан тартып аллергиясы көп кармабай, денесинин кычышканы басылат. Андан соң элдик медицина менен дарыланууга өтөт. Ошондон тарта аз-аздан териси шалбырап, бетин бырыш басып, картая баштайт. Ошентип, 3 жыл ичинде кемпирге айланат.
Австралия
КИТТЕР МОДАНЫ КУБАЛАШАТ
Киттердин үн чыгарары илгертеден белгилүү. Изилдөөчүлөр киттер чыгарган үндөрдү алардын ырлары дешет. Австралиянын окумуштуулары ушул жаатта 11 жыл изилдөө жүргүзүшүп, жыйынтыгын чыгарышты. Башкача айтканда, бир аймакта киттер арасында популярдуу болгон ыр коңшу аймактарга жайыларын далилдешти. Хит кайрыктар көбөйүү учурунда ургаачысын издеген эркек кит тарабынан жаралып, анан тарай баштайт. Ошентип, бир ырды бүтүндөй эркек киттер ырдашат. Акыркы 10 жылда хит ырлар жалаң Австралиянын жээгинде жаралып, анан Тынч океандын көп бөлүгүнө тараган экен.
Корея
КОЙОТТУ КЛОНДОШТУ
Түштүк Кореяда окумуштуулардын экспериментинин жыйынтыгында клондолгон 7 койот (талаа карышкыры) жарыкка келди. Кенгидо провинциясынын бийлиги аларды карап, кам көрүүнү моюндарына алышты. Чоңоюшканда койоттор зоопаркка өткөрүлүп берилет.
Дүйнөдө
АБДАН ЧОҢ ЖАНА ӨЗГӨЧӨ АКВАРИУМДАРДЫН ТИЗМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ
Абдан чоң деп 2 аквариум табылды. Биринчиси Дубайдын соода-көңүл ачуу борборундагы аквариум. Ага 10 миллион литр суу батат жана 33 миң ар түрдүү деңиз жаныбарлары бар. Аквариумдун бийиктиги 3 кабат үйдүн бийиктигиндей.
Экинчиси АКШнын Атланта шаарындагы аквариум. Анын көлөмү 31 миң метр куб суу сыярлык. 100 миңден ашык экзотикалык жаныбарлар, анын ичинде акулалар, узундугу 4-5 метрге жетерлик белуга балыктары, скаттар бар.
Ал эми Берлиндеги цилиндр формасындагы аквариум өзгөчөлүүлөрдүн катарына кирди. Бийиктиги 25 метр жана анда 2500дөн ашык деңиз жаныбары бар.
Кытайдын Пекининдеги аквариум болсо жерден 25 метр бийиктикте 2 соода борборун бириктире салынган. Андыктан ал "виртуалдуу аквариум" деген атка конууда.
Америка
СЕКС-КЫЗМАТ КӨРСӨТКӨН КООМДУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛЫШТЫ
АКШнын Аризона штатында "Кудайдын сарайы" аттуу диний коомдун 20дан ашык мүчөлөрү кармалды. Көрсө, “Кудайдын сарайында” диний жөрөлгө катары секс кызматы көрсөтүлөт экен. Кармалгандар “биз адамдарды диндин негизинде тарбиялоону, сексуалдык маселелерди (жыныстык жактан алсыздык, шалдык жана башка) да диндик жол-жобо менен чечүүнү колго алганбыз. Андыктан күнөөбүз жок” деп чыгышкан. Бирок полиция “бул сойкукананын бир түрү. Андагы кызмат көрсөтүү акысы 650 долларга чейин жеткен” дешти.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg