«АЛИГИ» ЖӨНҮНДӨ СУРАСАҢЫЗ...

Көптөгөн окурмандарыбыздан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Бул ирет сиздердин сурооңуздарга уролог-андролог, сексопатолог Асан Мырзабеков жооп берди.

ЖАСАЛМА МҮЧӨ КАНЧА ТУРАТ?
– Досум автокырсыктын айынан майып болуп калган. Ажырашып кеткендиктен, кээде аялзатын самаарын жашырбайт. Андыктан секс-шоптон ага ылайыктуу аялдын жасалма мүчөсү болсо алып берсек дейбиз. Бишкекте алар канча турат? Дегеле ал дүкөндөрдө дагы эмнелер сатылат? Марат, 29 жашта, Талас.

– Бишкекте секс-шоптордо интимдик товарлардын түрү көп. Мисалы, вибраторлор (айланып кыймылдап туруучу), фаллоимитаторлор (жасалма жыныстык мүчөлөр), жыныстык атайын суюктуктар (смазки), шариктер, секс-куурчактар, интимдик духилер жана башкалар. Баалары, жасалган материалдары ар түрдүү жана түркүн өлкөлөрдөн чыгарылган. Көбүнчө Орусия, Кытай, Таиланд, Малайзиядан алынып келингендер.
Мисалы, эркекти дүүлүктүрүүчү “Relax” каражаты 500 сом болсо, “Карышкыр” аттуусу – 450 сом. “Чөп виаграсы” да 500 сом турат. Аялдарды дүүлүктүрүүчү каражаттардын эң арзаны – 350 сом. Мындайы 15 мүнөт аралыгында таасир берет.
Эркектер үчүн “аналдык кын” (арткы жактан кошулууну каалагандар үчүн) – 1850 сом.
Аялдар үчүн секс-куурчак 2500дөн өйдө. Силикон бюстгальтер 780 сомдон өйдө. Эркекке рахат тартуулоочу секс-куурчактардын баасы 2300дөн жогору. Мисалы, аялдын үнүндөй үн чыгаруучусун 3500 сомго алса болот.
Секс-топтомдор да бар. Аларда 2 же андан ашык интимдик буюм болот. Мисалы, аялдар үчүн “Sex collection” аттуусунда 3 жасалма мүчө бар. Баасы – 1350 сом.

ЭРКЕК МЕНЕН ЖАТСАМ ДЕЛЕ БЕЗЕТКИ КЕТПЕЙ ЖАТАТ
– Бетиме безеткилер чыгып кеткенинен бир-экөөнү сыгып көрсөм, так калып калды. Анан кыздар “эркек менен жатсаң, бетиңдеги безеткилер кетет” дешти. Ошондуктан жигитим менен 4 айдан бери жыныстык катнашка барып келатам. Бирок безеткилердин кете турган түрү жок. Эмне кылсам болот? Шаку, 26 жашта, Кара-Балта.

– Эркек менен жатса эле беттеги безеткилер кетет деген туура эмес түшүнүк. Безетки эмнеден чыгат? Жооп издеп көрөлү.
Кыздар, балдар да балакатка жеткен учурда гормондордон улам тери алдындагы май бездери өзгөрөт. Ушундан улам бетке безеткилер чыгат. Бирок безеткилерди өз алдынча жок кылууга аракет кылып, сыкпоо керек. Анткени бетте «өлүм үч бурчтугу» деген бөлүк жайгашкан. Андагы веналар баш мээнин веналары менен тыгыз байланышта. Ошол «өлүм үч бурчтугу» бөлүгүндөгү безеткини сыгуудан инфекция кирип кетсе, ал вена аркылуу мээге жетип, анда сезгенүүнү – менингоэнцефалитти жаратат. Бул болсо коркунучтуу оору. Мындан тышкары безеткинин ордуна так же тырык калат.
Ошондуктан бетке безетки чыкканда тийбей, косметологго кайрылуу кажет. Бетти самын менен жуубай, атайын лосьондор менен тазалоо ылайык. Ошондой эле безетки чыкпоосу үчүн майлуу, таттуу азыктарды аз жеш керек.

“АЛИГИМ” ТАЙЫП КЕТИП КОКУЙЛАТУУДА
– Жакында эле үйлөндүм. Меники тубаса кыйшык, бирок аял менен жатканда жолтоо болбойт го дечүмүн. Көрсө, жаңылышыпмын. Аялым менен кошулайын десем эле кыйшык “алигим” тайып кетип, уят кылууда. Илгич сымал ылдыйга кайрылып турат. Түздөсө болобу? Элде да меникиндей кыйшайып калгандар кездешеби? Самар, 24 жашта, Жалал-Абад.

– Түздөп, калыпка келтирсе болот. Сексопатологдордо вакуумдук аппарат, атайын дары майлар бар. Андан тышкары массаж, атайын көнүгүүлөр да колдонулат. 1 курс дарылангандан соң көнүгүү, массаждарды үйдөн уланта берсе болот. Жөн дарылоого мүмкүн эмес, учурда операция жолу менен түздөлөт.
“Алигиси” тубаса же кандайдыр бир себептер менен кийин кыйшайып калгандар, албетте, кездешет. Мисалы, 73 жаштагы карыяныкы кыйшайып калган. Кошулуп жаткан учурда кемпири күндөшүнөн кызганып, кайрып салган экен. Дарылап ордуна келтиргенбиз.

ЖЫНЫС МҮЧӨМ КИЧИРЕЙИП БАРАТАТ...
– Мен орто жаштан өтүп баратам. Байкаганым, убакыт өткөн сайын жыныс мүчөм кичирейип баратат. Минтип кичирейип отурса, аялыма жарабай каламбы деп корком. Себеби эмнеден болушу мүмкүн? Ороз, 57 жашта, Бишкек.

– Эркектердин жыныс мүчөсүнүн кичирейиши 2 себептен улам келип чыгат.

  • Өнөкөт оорунун болушу. Мунун айынан бел-кубат төмөндөп, жыныс органдарында кан айлануу начарлайт. Бул жүрүп отуруп “алигинин” кичирейишине алып келет.
  • Өтө семирүү. Семиз адамдын денесин май басканда чурай ичке тартылып, жыныстык мүчө кичирейип калат.

Ошондуктан мүмкүн болушунча оорулардан убагында дарылануу, семирип кетсе арыктоо кажет.

ЗААРА УШАТКЫМ КЕЛЕ БЕРЕТ...
– Төшөк катнашы учурунда заара ушаткым келе берет. Өзгөчө “эркек артында” ыкмасында. Турмушка чыкканыма 2 жыл болбой жатып минткени эмнеси? Айка, 24 жашта, Ош.

– Сиздин сурооңузга эки түрдүүчө жооп берүүгө болот.

  • Эгер күйөөсү төшөктө активдүү болуп жана “алигиси” аялынын жыныс кынынын тереңине чейин жетип турса, анда табарсыкка күч келип, аял заара ушаткысы келип чыгат.
  • Аялдын табиятынан өзгөчөлүгү болуусу да мүмкүн. Анткени дене жыргалына (оргазм) батар алдында заара ушаткысы келет. Бирок кадимкидей заара ушатуу эмес, бир аз гана суу агат.

Айтылган жооптордон улам сурооңузга кайсы жооп туура келерин байкап, тактап алсаңыз болот.

УМАМ САНЫМА ЖАБЫШЫП КАЛУУДА
– Кийинки убакта жыныс мүчөмдүн турушу начарлап, бат да бүтө турган болдум. Анан умам саныма жабышып калат. Бул эмнеликтен? Мындай балээ жок эле... Макс, 33 жашта, Бишкек.

– Эркек жыныстык жактан жугуучу ооруларга (трихомоноз, гонорея, хламидия, уреплазмаз ж.б.) чалдыкканда жана ал оорулардан толук айыкпай калганда да сиз айткандай оору белгилери байкалат. Андыктан дарыгерге текшерилип, анализ тапшырып, дарылануу зарыл.

Эч кимге ооз батып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Венера Камалова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
energetik
2011-10-29 09:33:54
Ой атаныыы кыргыздарым,умам дегени калтам дегени,а ушаткым дегени-сийгим келтат дегени
+5
adichella
2011-10-29 18:38:30
Келтат эмес, а келип жатат... Энергетик досум... башкаларга тушундургонун кайсыл и озун келтат дегенин кайсыл....
+1
faker
2011-10-30 18:46:58
heeee biri- biribizdi jamandap emne keregi bar?
0
kuba_kg
2011-10-31 06:44:42
баарынан окунучтуу ороз абабыздык кичирейип кетиптир.
-1
Aidarskiy
2011-12-06 23:12:18
))))))))))))))))))))))))
0
manas93kg
2012-02-07 14:49:00
salam aleykum super info geziti menin suroom myndai meni 6 jawimda oturguzgan menin aligim ki4ine jana jaman oturguzulgan men jynystyk katnaw kylganmyn andan 2 kundon son aligimden kan jana jaman nerse 4ykty men ne kylywym kerek maga jakwy kenew berinizder jakwy joop kutom
0
Paiaz
2012-03-10 10:19:40
умам деген бул озунчо суйуктук чыгат ошол болсо керек ээ
0
zuurakan_kg
2012-05-26 23:09:12
даааа....коп нерсени билсе болот экенда)))кемпир мн чалдыкы нууу...ващпе прикольно)))
+1
andarak
2012-06-03 01:18:30
чал алигисин кайрады кемпир немесин майлады
0
olokon
2012-06-26 13:29:53
andarak анан не болду?
0
ibragim75-75
2012-10-23 11:40:43
olokon, анан бир-бирини жайлады да
+1
tachkomur
2013-11-05 12:24:46
Жакшы иш болбоптур го
0
moscov2013
2013-11-20 23:44:08
эркектерде бир жумурткасы кичине болгондор кезигет ал эмнеден жана коркунучтуу эмесби?жооп кутом.
0
gulmurzaev91
2014-04-12 14:58:30
интернетте жургон жанакы браслет жонундо кичине маалымат берип койсонор ал чындап еле кишинин организмине пайдасы тиеби
0
Dimond90
2014-04-13 20:33:02
gulmurzaev91 Менин билгенимче ал браслеттин эч кандай пайдасы жок экен, досум экоосун 4000р ге алган болчу, Эки колуна тагып журушот,4айча болду, Спортунда таштабай улантып журушот эч кандай озгоруусу болбоду! (Алардын максаты алдап акча алуу экен)!)))
0
Dimond90
2014-04-13 20:33:02
gulmurzaev91 Менин билгенимче ал браслеттин эч кандай пайдасы жок экен, досум экоосун 4000р ге алган болчу, Эки колуна тагып журушот,4айча болду, Спортунда таштабай улантып журушот эч кандай озгоруусу болбоду! (Алардын максаты алдап акча алуу экен)!)))
0
uluk92kg
2016-03-01 18:15:01
сурону кайсыл жерге жазсам болот
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан