«Visible Steps» бий тобу

Абышалиев Чыңгыз
1985-жылы 12-майда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Бишкек гуманитардык университетинин корей тили бөлүмүн аяктаган. Хоббиси – футбол ойноо.
Абдылдаев Бахтияр
1987-жылы 21-июлда Каракол шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Дене тарбия академиясынын 5-курсунун студенти. Хоббиси – Самбо, стол үстүндөгү теннис жана футбол ойноо.
Алымкулов Элдияр
1984-жылы 11-февралда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. КГУСТАнын архитектура бөлүмүн аяктаган. Хоббиси – футбол ойноо.
– Жигиттин гүлдөрү, биздин редакцияга кош келипсиңер. Алгач тобуңардын атын эмне себептен “Visible Steps” аталып калгандыгы туралуу айта кетсеңер...
Чыңгыз: – Рахмат. Топ ачкандан соң ылайыктуу ат тандай албай көпкө чейин кыйналган элек. “Visible Steps” биздин тилге которгондо – “эсте калган же көрүнүктүү кыймылдар” дегенди түшүндүрөт. Негизи, бийде бийчинин кыймыл-аракети чагылдырылат эмеспи. Ошондуктан, ушул атка токтолгонбуз.
– Үчөөң кантип таанышып калдыңар эле?
Элдияр: – Чыңгыз экөөбүз тууган болуп кетебиз. Экөөбүз тең жашыбыздан бийге жакын болчук. 2006-жылы Улуттук Биринчи канал менен биргеликте “Школа танцев” деген долбоор ачканбыз.
Бахтияр: – Бул долбоордон мен жеңип, “Visible Steps” бий тобунун үчүнчү бийчиси болуп киргем.
– Жеке жашоодо мамилеңер кандай? Достукпу же...
Элдияр: – Мурун дос эмес, кесиптеш катары мамиле түзүп келсек, учурда бири-бирибизге байланган ынак достордонбуз.
Чыңгыз: – Ошондой эле Элдияр экөөбүз достон да биринчи тууганбыз.
– Кесибиңер боюнча бийчи эмес экенсиңер. Эмне себептен бий тармагын тандап алдыңар эле?
Бахтияр: – Бий – мен үчүн жашоо.
Элдияр: – Бий – жан дүйнөмө жаккан жумуш. Келечекте өз кесибим менен иштесем деген оюм бар.
Чыңгыз: – Мен негизи, кичинекей кезимден эле ыр-бийге жакынмын. Келечекте деле бийди да, ырчылык өнөрдү да таштабайт болушум керек.
– Баса, жакындан баштап ырдап да чыгып жатасыңар. Бийчиликтен ырчылыкка өтүү кимдин идеясы?
Чыңгыз: – Бул менин идеям десем болот. Негизи эле ырчылар тобу көп жылдардан бери түзүлө элек экен. Көптөн бери вокал жагынан да сабак алып келебиз. Ар бир ырыбызды бийибиз менен кооздоп турабыз. Ал эми биздин “Танцы” аттуу жаңы чыгармабызды “Супер-Инфонун” www.super.kg сайтыңыздардагы Медиа-порталдан уга аласыздар.
– Топто лидер ким?
Бахтияр: – Топто лидер деле жок. Болгону, жумуштарды эле бөлүштүрүп иш алпарабыз. Мисалы, мен бийге тиешелүү ар кандай жаңы кыймылдарды ойлонуп чыксам, Элдияр ырчылар менен иш алпарат. Ал эми Чыңгыз ырларыбызды көзөмөлгө алып турат.
– Кайсы ырчылар менен тыгыз байланыштасыңар?
Элдияр: – Самат Дөөлөтбаков, Максат Бегалиев, Бекчоро менен тыгыз байланыштабыз. Ал эми жакында эле Саматтын “Айдай сулуу”, Бекчоронун “Кыргыз кыздар” деген клибине тартылгандан баштап, эми бизди башка ырчылар да клиптерине чакырып жатышат. Албетте, мындай чакыруулар бизди кубандырбай койбойт.
– Чарчап турганда кантип эс аласыңар?
Чыңгыз: – Клубга барып бийлейбиз. Жан дүйнөбүз тынчтыкты каалап турганда чогулуп алып шаардын четинде дачабызга барып, жаратылыш коюнунда эс алганды жактырабыз.
– Кандай мүнөздөгү кыздарды жактырасыңар?
Элдияр, Чыңгыз, Бахтияр: – Негизи, татына, назик, жөнөкөй кыздарды жактырабыз. Ал эми калган жагына көңүл деле бурбайбыз. Бирок, өзүбүздүн жеке жашообуздагы кыздарыбыз жөнүндө маалымат бере албайбыз. Бул эми жашыруун бойдон эле кала берсинчи.

Бетти даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 318, 5- 11-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан