ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Италия

МАРОДЁРЧУЛУК ИТАЛИЯДА ДА БОЛОТ
Өлкөнүн борбору – Римде 15-октябрда бийликтин жүргүзгөн саясатына жана каржы институттарына каршы чыккан митинг баш аламандыкка айланды. Алгач митингдин катышуучулары Коргоо министрлигинин имаратын өрттөп, анан дүкөндөрдү тоноого өтүшкөн. Шаарга келтирилген чыгымдын жалпы көлөмү болжол менен 2 миллион еврону түзөрүн Римдин мэри Жанни Алеманно билдирди. Бул тополоңдо полиция менен митингчилердин кагылышуусунан 135ке жакын адам жабыр тарткан.
Маалымат үчүн: Римдеги митинг Нью-Йоркто сентябрь айында башталган “Уолл-Cтритти басып ал” кыймылына тилектештигин билдирүү акциясы болгон. Бул акция дүйнөнүн 82 өлкөсүнүн 951 шаарында колдоочулар тарабынан өткөрүлдү.

Израиль

БИР ТУТКУНГА МИҢ КЫЛМЫШКЕР ТЕТЕБИ?
Расмий Иерусалим өлкөнүн түрмөлөрүндө кармалып отурган 477 палестиналык кылмышкерди эркиндикке чыгарды, дагы 550нү бир айдан кийин чыгаруу алдында турат. Анын ичинде үчтөн бири өмүр бою түрмөдө отуруу мөөнөтүн алышкан. Мындай мунапыска Палестинада 2006-жылы туткунга түшүп калган израилдик аскер Гилад Шамит себеп. Алмашуу процесси боюнча Палестинанын «ХАМАС» кыймылы менен Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетанияху келишишти. Анын негизинде 18-октябрда 5 жыл туткунда отурган Шамит өлкөсүнө кайтарылды.

Сауд Арабия

ШЕЙХТЕРГЕ КӨЗ ТИЙГЕНБИ?
87 жаштагы Сауд Арабиянын падышасы Абдулла ибн Абдель Азиз омурткасына экинчи ирет операция жасатуу алдында турат. Муну менен “ден соолугуна байланыштуу бийликтен кетиши мүмкүн” деген кептерди күчөттү. Падыша расмий түрдө 2005-жылы такка отурган. Бирок анын башкаруусу 1996-жылдан эле башталган. Анткени ошол учурда такта отурган бир тууган агасы инсультка кабылган болчу. Эгерде азыркы падыша бийликтен кетсе, анын ордуна келүүчү мураскор Халеда бин Султана бин Абдул-Азиз да дартынын дабасын таппай келет. Ал көп жылдардан бери АКШда дарыланып жүрөт.

Ливия

КАДДАФИНИН АК САРАЙЫ БУЗУЛАТ
Триполи шаарынын Бабь аль-Азизия районунда жайгашкан Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин 6 чакырым чарчы аянтты ээлеген ак сарайы көтөрүлүшчүлөр тарабынан бузулуп жатат. Куралчандардын коштоосу менен эки бульдозер имаратты жер менен жексен кылуу аракетин жүргүзүүдө. Ак сарай 2011-жылдын август айына чейин мамлекет башчынын жогорку деңгээлдеги конокторду тосуу жайы жана анын үй-бүлөсүнүн үйү болгон.

Казакстан

“САСЫК ЖУМУРТКА” СЫЙЛЫГЫНА КИМ ТАТЫКТУУ?
"Сасык жумуртка” – коңшу Казакстандын “Мамлекеттик тил” коомдук кыймылы ойлоп тапкан сыйлык. Ал өлкөдө жашап, бирок казак тилин билбегендерге жана тилди өнүктүрүүгө тоскоол болгондорго тапшырылат. Казак тилдүү порталдардын биринде “казак тили тиешелүү деңгээлде колдонулбай жатат” деген маңызды камтыган ачык кат жарыяланган. Кийин эки аптанын ичинде ага каршы 400 орус тилиндеги билдирүү жарык көрдү. Ал эми коомдук кыймылдын өкүлдөрү: “Казакстан жалгыз, ал бөлүнбөйт! 16 миллиондон турган аз калк экенибизди эстен чыгарбай, казак, сен эң алгач кандашыңа жардам бер, бир тууганыңды корго! Эң биринчи өз тилиңди ойло, сыйла жана ошол тилде сүйлө!”- деген ураандарды айтышат.

МАЗАКТОО ЭМЕС, ЖАҢЫЛЫКТЫ ЭЛГЕ ЖЕТКИРҮҮ – МИЛДЕТИБИЗ
Гезитибиздин №464-санында чыккан “Пайгамбардын сүрөтү үчүн жаза тартып...” деген макала өлкөбүздүн мусулмандарын тынчсыздандырды. Анда даниялык сүрөтчүнүн Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тарткандыгы тууралуу сөз болгон. Буга байланыштуу алгач Мусулмандар диний башкармалыгынан чалышып, кийин Адылбек Жолдошев бир топ адамдардын колун топтоп, нааразычылыгын билдирген каты менен кайрылган. Биз бул макаланы мусулман калкын жана баарыбыз сыйлаган касиеттүү Мухаммед пайгамбарды мазактоо иретинде эмес, тескерисинче, жаңылыкты окурмандарга жеткирүү максатында жарыялаганбыз.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан