ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

БИРИНЧИ СООДА-САТЫК

(Башталышы өткөн сандарда)

Грузия бийлиги Кытай элчилиги менен болгон алмашуудан кийин биринчи сатыкка Батуми шаарында жайгашкан “Интурист” мейманканасын койду. Башкача айтканда, аукцион аркылуу уюштурду. “Интурист” мейманканасы өз учурунда советтик архитектор Алексей Щусев тарабынан салынган жогорку деңгээлдеги курулуш болгон. Аянтынын жарым гектары Кара деңизге жана шаардын борборуна жакын жайгашкан.
Каха Бендукидзе: “Президенттин администрациясынын жетекчиси Ираклий Чубинишвилиден менин аркамдан сүйлөбөй турган киши керектигин сурадым. Ал мени өзүнүн досу менен тааныштырды. Кесиби боюнча дарыгер, бирок ишкердик менен алектенген жигит келди. Мен аны кеңешчи катары жумушка алдым”,- дейт.
Ал дарыгерликтен сырткары Австриядан ишкерлик боюнча билим алып, ошол тармакта иштеген Шалва Кочладзе эле. Шалва революцияга чейин Закавказье боюнча чоң корпорациялардын аймактык директору болуп иштеген. Ал сатуу иштерин мыкты билген киши экен. Менчиктештирүүнүн менеджери катары инвесторлорду издөөнү баштайт. Көп убакыт өтпөй ага таанышы Бадри Патаркацишвили байланышка чыгат. Телефон чалганда сүйлөшкөндөрүн Шалва Кочладзе: “Биринчисинде Бадри 150 миң лари сунуштады (80 миң доллар). Мен таанышым болсо да, макул болгон жокмун. Биз мейманкананы аукцион аркылуу сатарыбызды, анын баштапкы баасы 3 миллион доллар болорун айткам. Бадри эки жума өткөндөн кийин кайра телефон чалып, анын ал баага турбастыгын айтып, 500 миң лари (270 миң доллар) сунуштады. Мен мурункудай эле жооп кайтардым да, башкаларын издей бердим.
Бир күнү эл аралык каржылык компаниялар жана коммерциялык банктар үчүн кайсы бир иштин бет ачары болуп жаткан. Ал учурда “Интуристке” кызыл лента ороп, “SALE” деп жазып, сатыкка жана башка мейманканалардын сүрөттөрүн да илип койдук”,- деп эскерет.
Каха Бендукидзе: “Маалымат жыйынына чейин премьер-министр ишкерлер менен кофе ичүүнү сунуштады. Бөлмөгө кирсек, баары даяр экен. Ал жерде премьер-министрдин жанында Аджариянын башчысы, Экономика жана каржы министри, Бадри Патаркацшвили жана башка грузин ишкерлери туруптур. Премьер менден канчага сатарыбызды сурап калды. Мен ал имарат 5 миллион доллар турарын, бирок биз 3 миллионго саталы деп жатканыбызды айттым. Аджариянын башчысы “анчалык акчага кантип сатабыз, инвестициялоо кандай болуп калат?” деп сураганда, “эгер кимдир бирөө 3 миллионго сатып алса, демек, ал ага инвестиция жасайт же сатып салат (ал мекеме сатылып жаткан сумманын 10 пайызын эмес, 2 пайызын да бир жылда таппайт)” дедим.
Ушул убакта Бадри премьерге: “Зураб, бул жерде бир нерсе туура эмес. Демек, силер жаңы курулушту баштоонун ордуна ишкерлердин акчасынын баарын тартып алалы деп жатасыңар. Мейманкана грузин ишкерлеринин колуна өтүш керек. Биз аны өзүбүз сүйлөшүп алабыз. 3 миллион доллар эмес, 300 миң лари берели”,- деп калды.
“Эгер силер менсиз эле сүйлөшөлү десеңер, сүйлөшө бергиле, биз баары бир аукцион аркылуу сатабыз дедим”,- дейт.
Бул биринчи аукцион эле. Эгер бул болбой калса, анда “менчиктештирүү иштебей жатат” деген сөз тарамак. Бадри “биздин иш ишке ашпай жатканы үчүн грузин ишкерлерине ызы-чуу салуунун кереги жок. Баары бир ишке ашпайт. Анан өкмөт менен сүйлөшө алабыз” деп бардык аракетин жасап жатты”,- дейт.
Акырында Кочладзе Батумиде, “Интуристтин” маңдайында чоңоюп-өскөн, түбү батумилик, учурда Сибирде жашап-иштеген ишкерди табат. Ал ишкер үчүн “Интурист” мейманканасы Кремлди сатып алгандай экен. Жыйынтыгында “Интурист” ошол ишкерге 3,02 миллион долларга сатылат. Ал ишкер Батуми шаарына барганда батумиликтер “өзүбүздүн кишиге сатылды” деп кубаныч менен тосуп алашыптыр.
Урматтуу кыргыз элим, бул менчиктештирүү реформасы боюнча биринчи сатыкты сиздерге айтуу менен биз алардын кандай ниет менен баштап жана ошого жеткенин көрө алдык. Чындыгында, ал мейманкана сатылган баага да арзыбаганын өздөрү билишкен. Бирок кыргызда “жакшы ниет – жарым ырыс” же “иш ниетке жараша болот” деген учкул сөздөр бекеринен айтылбаптыр. Сиздер билесиздер, биздин “кайсы бир бийлик” өлкөбүздүн стратегиялык жайларын сатууда “бул болбой калды”, “биздин күчүбүз жетпей калды”, “муну сатпасак болбойт”, “сатсак да кымбат баага кетпейт” деген сөздөрдү айтып чыгышты эле. Ал айтылган сөздөрдүн да натыйжасын көрдүк. Көрсө, бардыгы ниетке жараша тура!

(Уландысы кийинки сандарда)

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан