Фотомодель Карла Бруни менен Франциянын президенти Николя Саркози кыздуу болушту. 43 жаштагы Карла Бруни 12-октябрь күнү көз жарды. Наристенин боюн жана канча салмакта төрөлгөндүгүн ата-эне азырынча жашырышууда. Айта кетсек, Карла экинчи ирет эне болуп жатат, ал эми Саркозинин буга чейин Пьер, Жан, Луи деген уулдары болгон.