“Бригада” телесериалында Космос деген ат менен белгилүү болгон актёр Дмитрий Дюжев 16-октябрь күнү унаасы менен жолдо баратып сабактан чыгып келе жаткан 9 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Аны машинасына салып ооруканага жеткирейин деген актёрду чогулган эл “Тез жардамдын” келишин күтө туралы деп токтотуп койгон. Кыз бутунан жана башынан катуу жабыркаган. Актёрдун да кайгырып жаткандыгынан жабыркоочунун ата-энеси полиция кызматкерлерин аралаштырбоону туура көрүштү.