КАСИЕТТҮҮ ЖЕРЛЕРДИН СЫРЛАРЫ

Табияттын табышмактуу сырлары адамды өзүнө тартып, ар дайым чечилбеген түйүн болуп келет. Ансайын табияттын кудуретине тан бересиң. Биздин жерлерге да байланышкан таңкалаарлык таржымал-баяндарды угуп келебиз. Ошол жөнүндө сиздерге баяндап берүүнү туура көрдүк.

«ЖАРАЛАНГАН ЖҮРӨК» БАЯНЫ
Ысыккөлдүн тескей тарабында жайгашкан атактуу Көкжайык жайлоосундагы тоонун башталышында өзгөчө зоока бар. Ал керемет зоо «Жараланган жүрөк» деп аталат. «Жараланган жүрөк» касиеттүү жер деп ата-бабалар да ыйык тутуп, бейчеки адам жолотпой, малды да ал жакка кайтарышчу эмес экен.
Чок ортосунан так эле кылыч менен бөлө чапкандай ажырап турган зоонун көрүнүшү чындыгында эле жарылган жүрөктү элестетет. Ал эми жарылган жерден башбагып чыгып турган кайыңдар көз жоосун алып куду бойго жеткен кыздардай суналып турушат.
Касиеттүү жерден ар кандай сырдуу окуялар да болуп тураарын ата-энебиздин ооздорунан угуп калаар элек.
«Тээ илгери бир укмуштуу окуя болгон. Ошондо ушул «Жараланган жүрөктүн» сырына таң калганбыз. Ал мындай болгон. Тоого чыгабыз деп кеткенбиз. Бир кезде эле ачык турган күнүбүз бүркөлүп, укмуштуудай капкара булут каптап бороон-чапкын башталса болобу. Алай-дүлөй бороондон бири-бирибизди көрбөй эсибиз чыгып далдаа жер издеп баштадык. Ошондо арабыздан бирөө алыстан шаңкайып чыгып турган кызыл зооканы көрө коёт. Ээрчишкен бойдон ошол жакка жөнөдүк. «Жараланган жүрөктүн» жанына жакындаарыбыз менен бороон-нөшөр жайлай баштады. Ал эми «Жараланган жүрөк­кө» жетсек ал жер купкургак экен. Ошондо касиетин сезген элек» деп айтып калышчу.
Ооба, касиеттүү жердин касиетинен тышкары анын да таңгалаарлык таржымалы бар. Ата-бабалардан укумдан тукумга өтүп келе жаткан уламыш баяндын жөнү мындай.
Махабаттын улуу отуна күйүп-жанган эки жаштын жараланган жүрөгүнөн улам ушул тоо пайда болгон дешет. Кыз оюнда өзүн жактырып калган Эржигитти байкап, эч кимди теңине албай жүргөн Багым сулуунун жүрөгүнө чок түшөт. Бирок, ата мансабы, каада-салт өз өкүмүн жүргүзөт эмеспи. Эржигит кудага киши жөнөтсө текебер сулуу Багым: «Мен атамдын жалгыз кызы болсом, алдына мал чуурутпай кантип күйөөгө тийем? Эгерде мени сүйгөнү чын болсо, атам бычкан калыңды чыпчыргасын коротпой алып келсин» дейт. Орто чарба Эржигит аны кайдан тапмак? Бирок, жөн жатып алганга да намысы жол бербей мал тийип келмекке чыгат. Ошол жортуулда көкү­рөгүн найза тепчип өткөн Эржигит кыздын атын айтып туруп көз жумат. Эржигит өлдү деген кабарды уккан Багым зоокага чуркап чыгып, өзүн жерди көздөй таштаган экен. Кыздын жүрөгү жарылып, жерге жеткенче эле көз жумат.
Мына ошол жерден так ортосунан жарылып кеткен жүрөккө окшогон тоо пайда болгон дешет. Мына ошентип, «Жараланган жүрөк» жаралган экен.

«КОКУЙКӨЛДӨГҮ» СЫРДУУ ЫЙ
Ысыккөлдөн бир аз берирээкте жайгашкан кичине көлмө бар. Бул жерде балыкчылар балыгын кармап, тиричилик менен алек болушат. Бирок, кечкурун өткөн адамдарга укмуштуудай муңканган үн угулат. Ал эми түн ичинде «Кокуй ай, Кокуй! Жоготтум, кокуй, Токтобай, кокуй» деген муңканган үндөрдү угушканын бардыгы эле айтып келишчү. Ошондуктан, ал көлдүн жанынан кечкурун эч ким басчу эмес.
Мындан бир топ жыл мурун аял-эркек көчүп келип ушул көлдү баарлап туруп калышкан экен. Алардын эл жок ээн жерге көчүп келишинин себеби төмөндөгүдөй экен. Көрсө, эчен жылдан бери зарлап бир балага зар болгон ата-эненин тилегин берип, аялдын боюна бүтөт. Балага зар байкуштар элдин көзүнөн, сөзүнөн оолак бололу деп ушул жерге көздөн далдаа келишкен тура.
Ошентип, аял көз жарат. Ушундан кийин чүрпөлөрүбүз токтосун деп наристенин ысымын Токтобой коюшкан экен. Бала торолгон сайын элдин көзү тийет деп өздөрүнчө тирилик кылып, ушул көлдүн боюнда жашай беришет. Токтобай беш-алтыга чыкканда эле өнөрү чыгып, комузда кол ойното чертип, ата-энесинин кумарын жазып эрмек болот. Атасы аңга же балык уулаганга кеткенде артынан ээрчип калчу кичинекей баланын адаты эле.
Кырсыкты кайдан деп болбойт. Бир күнү атасынан артынан балыкка кеткен баланы апасы тиричиликке алаксып көз жаздымынан чыгарып коёт. Атасынын аркасынан кеткен бала жаза тайып көлгө чөгүп кеткен экен.
Карегине баскан жалгызын таппай калган ата-эненин күйүтүндө чек жок. Ичпей-жебей эчен күн көлдүн жээгинде бооруна ташты кучактап өксүп жата беришет. Таптакыр алдары калбай калганга чейин күнү-түнү «Токтобайлап» зарлай беришет. «Кайсы жерден жаздырдым, кокуй? Баламан кантип айрылдым, кокуй» деп зарлай берген ата-эне акыры көз жумат. Ошондон көп өтпөй эле бир түшүнүксүз куш пайда болот. Ал адамча сайрап «Кокуйлай» берген добушунан улам көлдүн өз аты унутулуп, «Кокуйкөл» аталып калган экен.

«АС КАЗАН» БАЯНЫ
Нарын тарапта да бир таңгалаарлык сырдуу жер бар. Ал жерди жергилик­түүлөр «Аз казан» деп айтып коюшат. Таңгалаарлыгы талаада эле боз үй, анын ичиндеги буюмдар ташка айланып калган. Муну бардыгы касиеттүү жер деп билишет. Ал эми ичине кирсең чөй­чөк­төр да, эмеректер да кадимкидей кол менен атайлап жасап койгондой катып турат.
Бир караган адамга кимдир бирөө атайлап таштан жасап эстеликке сактап койгондой сезилет. Бирок, анын таржымалын билген адамдар бизге төмөндөгүдөй баяндап беришти.
Улагасынан май куюлган бир манап кезинде ошол жерге отурукташкан экен. Анын зыкымдыгы бардыгына белгилүү болгон дешет. Колундагы кызматкерлерин ит көрбөгөн кордукту көргөзүп, кыйначу тура.
Бир жолу ал жерден качып Ош жакка бет алат. Акысын бербей кетип бара жаткан байга жаны ачыган кедей отуруп алып «тапкан ташынганыңдын баары таш болуп катып калсын. Байлыгыңар эч кимиңе буюрбай ач бел, куу жондө өлгүлө. Казаның асылган боюнча таш болуп катып кал» деп каргаган экен. Айткандай эле эс алып, өргөөсүн тигип отуруп калган байдын өзү да, мал-мүлкү да ташка айланып катып калган экен.

Даярдаган Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан