АРМАНДА ЖҮРГӨН ЖАЛГЫЗ АК КУУ

Ысымы жок жандыктар «таарынышпайт»

“Жапайы жаныбарларды коргоо борборунун” кызматкерлери жандыктарга ат тандап көп деле кыйналышпайт. Ар бир жаныбардын келбетине, мүнөзүнө жараша ысым коюшат. Ал жерде 6 лама, 1 пони, 3 сүлөөсүн, 3 аюу, 4 түлкү, 7 карышкыр, 1 бугу, 2 төө, 1 тоо эчки, 1 аркар, 5 топоз, 3 бүркүт, 3 жаман сары, 2 айры куйрук, 1 таз жору, 3 чоң үкү, 1 кыргоол, 1 ак куу, 1 жапайы каз бар.

Кыргызстанда зоопарк биринчи жолу 1987-жылы Каракол шаарында түзүлгөн. Уюшула баштаганда эле Советтер Союзуна кирген республикалардан ар түрдүү жаныбарлар алынып келинген. Көп өтпөстөн союз тарап, аны менен кошо зоопарк да каралбай, жаныбарлар четинен кырылып, жоголо баштаган. Калкты кыйнаган 90-жылдар өткөн соң, кыйрап бараткан зоопаркты кайра калыбына келтирүү иштери башталган. Тосмолору гана калган жайды кайра калыбына келтирүү үчүн 2002-жылы шаардык администрация чет мамлекеттерге “жардам бергиле” деген өтүнүч кат менен кайрылган. Анын негизинде 1995-жылы Германиядан Торстер Хардер аттуу ишкер келип “Ак илбирсти коргоо” долбоорун түзүп, зоопаркты кайра баштан түптөөгө киришет. Көп өтпөй бул долбоордун негизинде мурунку зоопарк “Жапайы жаныбарларды коргоо борбору” деп түзүлөт.

Бутка тура баштаган борбор учурда зоопарктын совет доорунан калган карыздарынан кутулуп, ветеринардык жардам түзүп, кызмат кылган 16 адамга айлык төлөп келе жатат. Кыргызстан боюнча жалгыз зоопарк болуп эсептелген бул жайга тоодон жаныбарлар атайын кармалып келинбейт. Ар кандай кырсыктан улам жарадар болгондор жана браконьерлерден алынган жаныбарлар чогулган. Аталган жайга мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Жаныбарларды көрүүгө кызыккан чоң адамдар 20 сом, кичине балдар 10 сом төлөп кирген бул жайды Германиянын NABU коомдук уюму каржылайт. Баарынан өкүнүчтүүсү – жаныбарларды көрүүгө келген кичине балдар гана эмес, чоң адамдар дагы жөн көрүп кетпестен, аларды таяк менен сайгылап, бөтөлкө, таш ыргытып, жандыктардын реакцияларын байкоону адат кылып алгандары.

Эт жеген жаныбарларга чабандар арам өлгөн малдын этин алып келип беришет. Андай шарт болбой калса, борбордун базардан таза эт сатып келип багуу мүмкүнчүлүгү бар. Эмесе, зоопаркка саякат.

Бул 3 айлык сүлөөсүн тоодон энесинен адашып калып, айылга түшкөнбү, айтор, бир фермердин 80 тоогун кырып салып кармалган. Тооктун ээлери бала сүлөөсүндү өлтүргөнгө колдору барбай, борборго алып келишкен.

Союз мезгилин көрүп калган бул ламалар өтө эле “любопытный”. Жандарына адам келеби, жаныбар келеби, баарына кызыгып жыттагылап, шимшилеп киришет. Баарынан да көздөрү сулуу.

Төрт жаштагы бул аюнун аты – Акжолтой. Төрт жыл мурун бир чабан “иттерим кичинекей мамалакты тиштеп салышыптыр” деп көтөрүп келген. Жарадар, араң жан мамалак азыр ушундай болуп чоңойгон.

14 жаштагы понинин аты – Гриша. Жип алып барган адамды байлайт деп ойлойбу, жанына такыр жолотпойт. Бир сөз менен айтканда, башына нокто салдыргысы келбейт.

Көкжал аттуу бул карышкырды мергенчилер 3 айлык кезинде алып келишкен. Кичинесинде басылбай улуй бергенде, аны чоң итке кошуп багышкан.

Жомоктордо түлкүлөргө бекеринен куу деп мүнөздөмө беришпесе керек. Бул Рожер аттуу түлкүнүн куулугу башынан ашат. Жалпактап жатып адамды өзүнө тартып, көңүлүн алмайы бар.

Үч жаштагы Каныбек аттуу бугу мындан үч жыл мурун түгөйү Элиза менен Нарындан алынып келинген. Өткөн жазда күүгө кирип, каарданып турган Каныбек качырып барып Элизаны мүйүзү менен курсакка сайып өлтүргөн. Ошондон бери Каныбек жалгыз.

Үч айлык бул тоо эчкинин улагынын аты – Барби. Браконьерлердин колунан алынган Барби учурда упчу менен сүт берилип багылууда.

Дастан аттуу бул аркардын жерлиги Нарындан. Нарын тоолорунда жашаган чабандардын бири аркарды кичине кезинде кармап алган. Качып кетпесин деген негизде дайыма эки бутун байлап койгон чабан аны туристтерге көрсөтүп, акча алып жүргөн. Муну билип калгандар борбордун кызматкерлерине кабарлашкан.

Ысымдары жок топоздор саксайган жүндөрү менен кышында таптакыр үшүшпөйт. Жаныбарлардын ичинен эң көп төлдөгөн топоздордун жүндөрүнүн арасынан кышында жылуулукту гана эмес, ыпысык илепти да сезесиң.

Союз мезгилиндеги зоопаркты көрүп калган бул таз жорунун аты – Жора. Жыйырма жашка чыгып калса да, жаш көрүнөт.

Мурун Бишкектин четиндеги көлмөлөрдүн биринде жашаган бул ак куу борборго быйыл жайында келген. Жалгыз ак кууну кичине балдар таш менен уруп өлтүрүп коёрдо, балык кармап отургандар “Караколго алып кетпейсиңерби?” деп борбордун кызматкерлерине телефон чалышкан. Бишкекте жүргөндө да жалгыз өмүр сүргөн ак куу дагы деле түгөйүн таба албастан, арманда жашап келет.

Эки көзү тостойгон бул үкүнүн мүнөзү өтө токтоо. Бирок, жанына барып тийишсең, чапчып алуудан кайра тартпайт. Караңгыда чычкан кармап жеген бул канаттуунун аты жөн гана – Үкү.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 318, 5- 11-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан