Фигурист Евгений Плющенко жубайы – продюсер Яна Рудковскаяны каза болуп калды дегенин укканда эси ооп калган. Көрсө, мындай кабарды Янанын жолдошуна гана эмес, жакындарына да шылуундар кабарлашкан экен. “Телефонумду жоготкон эмесмин. Бирок кимдир бирөөлөр телефонумда сакталган номурларга чалып, суук кабар угузушуптур. Мени машина уруп кетип каза болуп калды деп чалгандар кимдер экенин табам” деген продюсер учурда териштирүү иштерин баштады.