Маараке
15-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылында Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине арналган салтанат өттү. Бул салтанатка өлкө башчысы Роза Отунбаева, спикер Ахматбек Келдибеков жана башка сыйлуу коноктор катышышты. Кыз-келиндер арасында атайын ыр сынак уюштурулуп, түрдүү сыйлыктар тапшырылды.
УРКУЯНЫ УНУТПАЙБЫЗ!
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун колдоосу менен элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмер Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине арналган республикалык кыз-келиндер арасында ыр сынак өттү. Ыр сынак салттуу музыка жана фольклор, эстрада жанрлары боюнча өтүп, тандоо сынагынан өткөн мыкты үнү бар, ырга шыктуу, 30 жашка чейинки кыз-келиндер катышты. Сынакта фольклор жанры боюнча 17 кыз, ал эми эстрада жанры боюнча 16 кыз-келиндер ат салышты. Сынактын жеңүүчүлөрү, дегеле катышуучулары, албетте, куру кол кайткан жок.
Мындан сырткары кыргыздын белгилүү эстрада ырчыларынын коштоосу менен майрамдык маанайдагы гала-концерт болуп, ноокаттыктар ырга бөлөндү. Гала-концертте Каныкей Эралиева, Абидин Темиров, Гүлнур Сатылганова, Улукмырза Полотов, Бек Борбиев, Гүлнара Кахарова, Асел Турдалиева, Ильяз Абдыразаков, Динара Акулова, Алишер Тоотаев, “Кыз-Бурак” тобу, Алина Жетигенова эл алдына чыгып шаңшып ырдап, көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.
СЫЙЛЫГЫҢАР КУТ БОЛСУН, УРКУЯНЫН УРПАКТАРЫ!
Сынак кантип сыйлыксыз, анан калыстар тобусуз болсун?! Бул сынакта кара кылды как жарган калыстар тобун төмөнкү курам түздү: депутат Эгемберди Эрматов (төрага), Гүлнур Сатылганова, Улукмырза Полотов, Каныкей Эралиева, Гүлнара Кахарова, Асел Турдалиева, Алина Жетигенова, Айбек Карымов.
Ыр сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.
Эстрада жанры боюнча:
Баш байге – Сайкал Садыбакасова (Мерседес S класс үлгүсүндөгү автоунаа)
I орун – Айжан Нусувалиева (100 миң сом жана 3 000 АКШ доллары кошумча сыйлык)
II орун – Нурзат Садыкова (60 миң сом)
III орун – Диана Чотиева (20 миң сом)
III орун – Акмаанай Эшбаева (20 миң сом) утуп алышты.
“Эң жакшы костюм” боюнча номинацияны – Силима Абдылдаева
“Ырдын тематикасы” боюнча номинацияны – Раимжан кызы Жумагүл
“Эң жаш аткаруучу” номинациясын – Үсөналы кызы Алина
“Көрүүчүлөрдүн сыйлыгы” жана “Уркуя” деген ырдын премьерасы үчүн номинациясында – Фарида Култаева
“Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон” деген номинацияны – Айпери Калыкова утуп алды.
Фольклор жанры боюнча:
Баш байге – Элеонора Келдибекова, Гүлнур Асанова, Кымбат Самудинова (Мерседес S класс үлгүсүндөгү автомашинасы)
I орун – Мээрим Карыпова (100 миң сом)
II орун – Нурзат Айдаркулова (30 миң сом)
II орун – Жазгүл Ибраимова (30 миң сом)
III орун – Дуэт: Венера Назаралиева, Акмарал Жоробаева (40 миң сом) жеңип алышты.
“Эң жакшы костюм” боюнча номинацияны – Айнура Замирбекова
“Ырдын тематикасы” боюнча номинацияны – Бактыгүл Мамажанова
“Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон” деген номинацияны – Кенжегүл Көбөкова утуп алып, кошумча сыйлыктар менен сыйланышты.
Калган бардык сынактын катышуучулары акчалай кызыктыруучу сыйлыктарды алышты.
Бурул Исмаилова
sport@super.kg