ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИ ТАМАГЫНА УУ КОШУП ӨЛТҮРҮШКӨНБҮ?

Көзү өтсө да, эмгеги элдин эсинде

1939-жылы туулуп, арабыздан 2008-жылы кеткен Садырбаевдын изденген иштермандыгынын негизинде алган наамдары, сыйлыктары:

  • Үчүнчү даражадагы Манас ордени;
  • Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
  • Кыргыз ССРинин Эл артисти.

Кайтып келгис балалык

Белгилүү режиссёрдун балалыгын биртууган эжеси Садырбаева Рысбү апа төмөндөгүчө эскерет:
– Дооронбек беш кыздан кийин төрөлгөн жалгыз эркек. Ал төрөлгөндө биздин үй-бүлө гана эмес, бүтүндөй айыл сүйүнгөн. Эркек балалуу болгонуна жетине албаган атам тогуз күн бешик той берген. Биз беш кыз тең Дооронду жер бастырбай, көтөрүп чоңойттук. Тили бир жашка жетип-жетпей чыккан. Доорон биринчи класска кирип калгандан тарта экөөбүз ээрчишип айылдын дүкөнүнө барар элек. Дүкөнчү анын калпагына толтура момпосуй салып берчү. Ал момпосуйдан үйгө бирөө да жетчү эмес. Кичине бала көрсө, “ме, момпосуй же” деп уучтап берер эле. Балдардын мушташып жаткандарын көрсө, дароо жеңилип калгандарга болушчу. Биздин балалык тартыш заманга туш келбедиби. Апам байкуш күнүгө нан жабат. Апам биягынан нан бышырса, Доорон тиягынан ысык буусу чыгып бүтө эле нандарды үйүндө наны жок ачка жүргөн балдарга ташычу. Атам кийин башкарма болуп калды. Ошондо атам менен чогуу иштегендер үйгө көп келе башташты. Алардын сөзүн угуп, таасирленсин деген ойдо атам Дооронду дайыма өзү менен чогуу алып жүрчү. Башка балдардай сөз талашып же дасторконго улунуп-жулунчу эмес. Чоң адамдардын сөздөрүнө маани берип жаткан өңдүү кунт коюп тыңшап отурганы азыр да көз алдымда. Ал эми мектептен болсо 1-класстан 10-классты бүткүчө жакшы окуду.
Апам өтө эстүү жан эле. “Эркек балдардан Дооронбегим жалгыз болуп калды” деп өзү атама экинчи аял алып берген. Ал эки кыз, бир уул төрөдү. Көп өтпөй Доорон 13кө чыкканда атам 45 жашында ичегисинен рак болуп каза болду. “Атамдын оорусун тапчу доктур болом” деп 10-классты аяктагандан кийин Доке мединститутка тапшырды. Ал кезде борбордо тааныштарыбыз да, Доорондун тамак-ашын, баскан-турганын камсыз кыла тургандай бизде чама-чаркыбыз жок болчу. Атам каза болгондон кийин үйдөгү болгон мал-мүлктүн жарымын кичи аялы бөлдүрүп алып төркүнүнө кетип калган. Колунда жогураак болуп калган апам Докеге жол кире берип эле борборго кетирип жиберген. Студенттик турмушун мага караганда келиним Сонунбү жакшы билет, өзү айтып берсин. Кызым, кебимдин аягында бир нерсени айта кетейин. Айтпай кетсем иним мени кечирбес. Докем өз ажалынан өлгөн жок! Аны көрө албагандар тамагына уу кошуп өлтүрүштү. Ушул нерсеге ичим күйүп, жан айламды таба албай келем.

«Докени институттун сулуу кыздарынын баары сүйчү»
Солуктап ыйлаган Рысбү эжени сооротуп, маек нугун Дооронбек аганын жубайы Сонунбүбү эже менен баарлашууга бурдум.
– Сонунбү эже, айтсаңыз, чын эле Дооронбек агай душмандарынын көрө албастыгынан каза болдубу?
– Дооронбек дайыма Жогорку Ке­ңештин жанындагы боз үйдөн тамактанып, үйгө кымыз алып келчү. Ошол боз үйгө кирип 5-6 адам менен лагман жептир. “Үч кашык ичкенде эле эмнегедир жүрөгүмө чаппай калды” деп эскерет Докем ошол күндү. Боз үйдөн чыкканда көңүлү айланып, Жогорку Кеңешке кирип суу ичип, кусуптур. Мен болсо биртууган жездем өлүп, ошол жакка кеткем. Жездемди акыркы сапарга узаткандан кийин үйгө келсем Дооронбек жуурканга оронуп отуруптур. Дароо ооруканага алып бардым. Ал жерден кан кусуп жиберди. Ашказаны төрт жеринен эзилип кетиптир. Ооруканада бир ай дарылангандан кийин кадимкидей жыйырма жылга карып чыкты. Дарыгерлер “бул рак болуш керек” деп баарын текшеришти. Бактыга жараша андай болгон жок. Ушундай ден соолугу чың, спорт менен машыккан адам аз убакыттын ичинде таяк менен басып калды. Мен өзүм медицина илимдеринин кандидатымын. Дооронбектин улам бир жери ооруй бергенинен улам анын ууланганын билдим. 2-3 ай сайын асма укол алып жатты. Капыстан эле кулагы укпай калды. Атайын аппарат алып кулагына такты. Кулагы өз калыбына келген соң мурдуна сасык жыт келе баштаганын айтып калды. Мен үйдүн баарына, жуурканга, өзүмө да атыр себем. Ага да болбогонунан терезени ачам. Ошентсе да, мага жыттанбаган сасык жыт Докеме келе берди. Көрсө ал жыт Доорондун ичинен келип жатыптыр. Ал басылгандан кийин эки көзү тең көрбөй калды. Анан эки көздүн тең чечекейин 500 доллардан борбордогу ооруканалардын биринен алмаштырдык. Операциянын жакшы жыйынтыгы менен Доорон китепти да көз айнексиз окуп калды. Бул нерсенин баары анын ууланганынан кабар берип турганын баарыбыз билдик. Бирок, дарыгерлер билип турса да, анын китепчесине “ууланган” деп жазышкан жок. Ошол лагман жегенден сегиз ай өткөндөн кийин эле каза болуп калбадыбы. Доорондун каза болгон күнүн, 27-майды эстесем жүрөгүм сайгылашып кетет. Тамак ичкенден кийин эле “кемпир, мен өлгөнү калдым окшойт” деп 2 литрче кан кусуп жиберди. Аны көрүп, коркконуман дирилдеп ыйлап калдым. Тез эле өңү көпкөк болуп кетти. Көрсө ичинен кан кетип жаткан экен. Балам Зарылбекти чакыртып, машинасы менен ооруканага алып жөнөдүк. Жолдон: “Байбиче, 42 жыл бирге жашадык. Бөлөк аял менен жүрүп, ичиңди күйгүзгөн жокмун. Болгону, бай кыла албадым. Сен мага ыраазысыңбы?”- деди. “Капкайдагыны айтпачы” десем, болбой жатып “ыраазымын” деп айттырып алды. Баласына “эч кимге карызым жок” деп табыштады. Дарыгерлер кан керек дегенинен балам ал жерден кан тапшыруучулардын тизмесин алып, түнү менен кан ташыды. Ошентсе да, мен аны өтүп кетет деп түк ойлогон жокмун. Эртеси операция кылганга даярдык көрө баштаганда кайраным кете берди. (Эже сөзүн токтотуп бир топко чейин ыйлап отурду).
– Сабыр кылыңыз, эже! Адам деген бир келип кайра кетчү жан экенбиз. Келиңиз, артка кылчайып, жакшы күндөрдү, жаштык кезди эскерели. Байке менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
– Дооронбек мединституттун 3-курсунда, мен 1-курста окуп жүргөндө таанышканбыз. Мединститутта таланттуулардын ийрими бар болчу. Жазылганыбыз менен ийримдегилер бир айча жетекчиси жок жүрүп калдык. Бир күнү ал ийримден чыгам деп айтканы барсам тармал чач, кең далылуу, сулуу жигит турат. Ал мага: “Сиз эмне кылганды билесиз?”,- деди. Мен болсом: “Эч нерсеге шыгым деле жок. Элге кошулуп кирип-чыккан жерлерине эле жарайм го”,- дедим. “Кана, текст окуп көрсөңүз”,- деп сахнага чыгарганда какап-чакап бир нерсе окуп бердим. Окуп жатып көзүмдүн кыйыгынан карасам, ал мени мыйыгынан күлүп карап туруптур. Мен окуп бүткөндөн кийин “чын эле кирип-чыкканга эле жарайт экенсиз” деп койду. Ошентип, экөөбүз ынак болуп кеттик. Дооронду институттагы кыздардын баары сүйчүбүз. Доке мени менен сүйлөшө баштаганда бир полковниктин кызынын катуу ичи күйдү го, чиркин. Көрө албаган кыздар “ал сени таштап кетет” деп айтышып, мени ызалантууга далай ирет аракет жасашкан. “Таштаса таштасын, бир күн жашасам да макулмун” деп койгон соң гана кыздар мага асылбай калышты. Ошентип, 1961-жылы үйлөндүк. Үйдөгү жетишпегендиктин айынан Доорон 3-курстан окуусун таштады. “Атаңдын алдында мен сени окутам деп убада бергем, сен окушуң керек” деп өзү күнүмдүк кара жумуштарда иштеп жүрдү. Кийин Ленинграддагы режиссёрлук институтту бүтүрүп келип, Кыргыз телевидениесинде режиссёр болуп иштеп калды. 1973-жылы Алымкан аттуу кыздуу болдук. Кызым 13 жашында өпкөсү ооруп каза болду. Андан кийин 1978-жылы Зарылбек деген уулдуу болдук. Зарылбектин азыр бир кыз, эки уулу бар. Доорондун мүнөзүнө токтолсом, ал мени урмак түгүл, эч качан катуу айткан эмес. Аябай жини келсе “дура” деп койчу. Бир жолу неберем Шербай тентек кылганда чаап жиберсем, чоң атасы көрүп калды. Ошондо: “Кыргыздар ушубуз да, алыбыз жеткени жетпегенге кол көтөрөбүз. Эгер Шербай 18де болсо ура алат белең?!”- деп капа болду. Чоң атасы өлгөндөн кийин дагы бир жолу айтканымды укпай койгондуктан, Шербайды чаап алдым. Ошондо “атам сага эмне деди эле, урба дебеди беле?” ыйлап жиберсе, ого бетер муун-жүнүм бошоп эки күн ыйладым. Эмнеси болсо да Дооронбектей кыргыздын патриот уулдары сейрек төрөлсө керек.
– Доорон байке арабызда жок болсо да, анын артында сиздей жубайы, неберелери калды. Элдин эсинде калаарлык бир топ иштери калды. Сабыр кылыңыз, эже! Чын дилден маек куруп бергениңизге рахмат.
– Ак сүйлөп, чындыкты бетке айткандарды буттан алган адамдар жок болсо гана кыргыздар алга жылат деп ойлойм. Менин ойлогонум, арабызда арам ойлуу адамдар жок болсо экен. Докеңдей кыргыз деп күйгөн адамдар көп болсо экен. Силерге да рахмат. Ишиңерге ийгилик, бар болгула.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 318, 5- 11-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан