Гүлнур Асанова Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине арналган кароо-сынакта фольклор жанры боюнча баш байгени жеңип келди. Мына ушул сынактын алдында ырчы кызыбызды тамашага салдык эле.
– Алло, Гүлнур, кандайсың? Сынакка даярдык кандай?
– Жакшы, бул ким?
– Атым – Шайлоогүл. Мен ушул сынакты уюштуруучулардан болом. Бир иш менен чалып жатам. Мени аялзаты катары түшүнөрсүң, сага бир сунуш түшүп жатат бул жактан. Мындай нерсе көп эле сынактарда кездешет. Кыскасы, сени биринчиликке чыгаралы деп жатабыз. Эми бул сага көмөк иретинде. Ал эми уюштуруп жаткан адамдын бир-эки талабы бар эле. Ошолорго бара аласыңбы?
– Мм. Кандай талап экен ал?
– Эми уюштурууну колуна алып жаткан киши жакында чет мамлекетке эс алууга барат экен. Чогуу барып келесиңби деген сунуш бар биз тараптан?
– Ал киши ким экен?
– Сен эми билесиң да, уюштуруу кимдин колунда болуп жатканын.
– Мен ким менен эле сүйлөшүп жатам?
– Шайлоогүл дебедимби.
– Ноокаттык болосузбу? Номеримди кимден алдыңыз?
– Уюштуруучу болгон соң бар да номериң.
– Кечирип коюңуз, башка кыздарга сунуштап көргүлө.
– Гүлнур, кулак сал, сенин талантың бар, сени чыгарсак биз да уят болбойбуз.
– Эми түшүнүп жатам. Бизге айткан болчу. Баары эле “честно” өтөт деп. Жакшынакай эле талантка карабайсыңарбы?
– Эми азыр талантка караган учурлар аз кездешет, сен муну мурда-кийин билип эле жүрөсүң...
– Мен андайга макул эмесмин.
– Эми бул иш кийин деле сенин атак-даңкыңа жакшы таасирин тийгизмек.
– Түшүнүп жатам. Бирок ал кишини мен жакшы тааныйм. Баарыбызга эле “честно” өтөт деп айткан.
– Элдин көзүнчө мындай нерсени айтмак беле...
– Жо-ок, мындай нерсеге бара албайм. Өз талантымды көрсөтөм. Аны эл таразалайт.
– Ырчылар арасында мындай иштер көп эле болот да. Биринчи жолу туш болуп жатпаган чыгарсың. Колдоочуң деле бар экен. Ал жагын жакшы билебиз.
– Кызык экенсиңер го. Кана, силер “доказать” этип бере аласыңарбы?
– Бизде маалымат бар үчүн айтып жатабыз да.
– Ким ошол, ким айтты?!
– Билебиз да.
– Билсеңер жакшы экен, чалбай эле койгула, рахмат!
– Ай, Гүлнур, эми ойлонуп көр, бул, балким, дагы жакшы нерселерди жеңгенге “шанс” болот. Азыр жашоо өзү ушундай болуп жатпайбы.
– “Шанстар” Кудайга шүгүр, көп эле жолу болгон. Мен андай нерселерге бара албайм. Кечиресиз.
Башында үнүн да жогорулатпай сүйлөп жаткан Гүлнурдун жини эми келдиби, айтор, телефонду коюп салды. Бир аз убакыттан кийин кайра чалып “Тамаша тор” экенин айтканыбызда, “ой, ий, аябай маанайым бузулду. Азыр сизди урушуп жиберейин деп жаткам. “Кандай түшүнбөгөн аялсыңар?!” деп. Башында эч нерсени түшүнбөй, аябай таң калдым. Ии-ий, сынактын алдында жүрөктү түшүрдүңөр!” деп күлүп калды.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg