Арман: «СҮЙҮҮГӨ ЖЕТПЕЙ КАЛГАМ»

“Sexy-sexy...” деп ырдаган Арманга арман кылып жете албай жүргөндөр канча? Энрике Иглесиаска үнү да, кыймыл-аракети да, жадакалса клибинин сюжети да окшош болгон жигит менен жакындан тааныштырабыз.

ПОЛИГЛОТ
Туулган жылы – 1988-жыл, 14-февраль.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын улуусу.
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйлөшкөн кызы бар.
Кыялданганы – Жакшы жашоо.
Кыздардагы баалаган сапаты – Жөнөкөйлүк.
Билген тилдери – Кыргыз, орус тилдеринде эркин, англис, түрк, араб тилдерин да билет.
Саякаттоону самаган өлкөлөрү – Америка, Түркияга дагы көп ирет баруу.

– Арман, кеп кезеги сенде, өзүңдү тааныштыра берсең болот...
– Мен Бишкек шаарында төрөлгөм. Атам кичине кезимде эле каза болуп калган. Апам Ысык-Көлдүн кызы болгондуктан, 1-класстан 9-класска чейин Караколдо окуп, кийин Бишкекке келип, Коммерциялык-экономикалык техникумду бүтүрдүм. Эми мына, иштеп, ырдап жүрөм. Апам, иним үчөөбүз жашайбыз.
– Андан кийин окууну улантпай калдыңбы?
– Окууга быйыл тапшырайын дегем, болбой калды. Эмки жылы, Кудай буюрса, Улуттук университеттин салык чогултуу же бажы жагына тапшырам. Чыгармачылыкты да унутта калтырбайм, албетте. Ушул айдан баштап Жамиля Муратова эжеден ырдоо боюнча сабак ала баштайм. Гитара, пианино ойногонду да үйрөнөйүн деп жатам.
– Дегеле кимди кумир тутуп, кимге окшошкуң келет?
– Андай адам деле жок. Көптөр мени Энрике Иглесиаска окшоштурушат. Мага анын ырлары жагат. Чынында эле алгачкы клибимди атайын эле ошонукуна окшоштуруп тартканбыз.
“Sexy-sexy” ырым өзү Иглесиастын ырларынын стилине окшошуп кетет. Анан биз эксперимент кылып көрөлү дедик. Продюсерим – Александр Белов: “Клипти окшоштуруп тартып көрөбүз. Бирок ырды өзүң ырдагандай ырдай бер”,- деди. Жыйынтыгында, ырдаганым да Энрикеге окшошуп калыптыр. Бирок мен эч кимди туурабай эле, өз талантым менен көтөрүлөм деген ойдо турам. Кийинки ырларымда андай окшоштуктар болбойт.
– “Англисчеде акценти бар” дешет...
– Англис тилин атайын үйрөнгөн эмесмин. Мектепте жакшы окугам. Америкада жүрүп келген досторум “акцентиң жок” дешет.
– Мектепте кандай окуучу элең?
– Активист болчумун. Ырдайт десе эле Арман чыкчу. Бийге да шыгым бар болчу. Сабакты “4”-“5ке” окучумун.
– Махабат айдыңында эмне кеп? Арманды жандаган сулуу кыз барбы?
– Жактырган кызым бар. Аны ме­нен 2 ай мурда интернет аркылуу таанышкам. Буга чейин бир кыз менен 5 жыл сүйлөшкөм. Бирок ал сүйүүмө жетпей калгам. Эмне себеп болуп, кандайча кол үзүшкөнүбүздү өзүм да түшүнбөйм. Мен аны жакшы көрчүмүн. Ата-энеси каршы болду го деп эле ойлоп калдым. “Айрылуу” (“Break up”) деген ырымды ошол кызга арнап чыгардым.
– Кыргызга көп окшошпойсуң...
– Мен өзүмдү кыргызмын деп эсептейм. Бирок апамда казактын, атамда уйгур, арабдын каны бар.
– Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү сенин өзгөчөлүгүң эмнеде деп ойлойсуң?
– Мен жөнөкөй адаммын. Турмуш мага көп кыйынчылыктарды берип, жөнөкөй жигит кылып тарбиялады. Келечекте канча мансапка жетсем да жөнөкөй бойдон калгым келет.
– Кандай кыйынчылыктарга туш болдуң эле?
– Көп кыйынчылыктар баштан өттү. Атам жок болгондуктан, үйдүн улуусу катары апама жардам берип, 16 жашымдан эле иштей баштагам. Ар кандай жумуштар менен алек болуп жүрүп, чоң фирманын директору болгонго чейин жеткем.
– “Sexy-sexy” кандайча жаралып калды?
– Бир күнү досум экөөбүз отуруп, кечке маал ушул ырды жазганбыз. Мен башында “Кумарлануу” (“Рleasure”) деп атайын дегем. Досум Sexy-sexy” деп эле атайлы” деп туруп алды. Экөөбүз “биздин менталитетке туура келеби, эл кандай кабыл алат?” деп көпкө баш ооруттук. Акырында “эмнеси болсо да элге тартуулап көрөлү” деп тобокелге бардык. Бул ырдын жаралышына Эрнест Жоошев аттуу жигиттин да салымы чоң. Ал музыка жана аранжировкасын жасаган.
– Анан кабыл алдыбы, кыргыз менталитети?
– Кабыл алды деп эле ойлойм. Анткени көп адамдар ырды жактырарын угуп калдым. Жаштарга, чоңдорго, баарына эле жагат экен. 40 жаштагы кишилер машинасында ушул ырды коюп угуп баратканын көрүп таң калам, бир чети сүйүнөм.
– Биздин сайтта аталган ырыңдын клибине сын-пикирлер жазылууда. Көбү “биздин менталитетке таптакыр туура келбейт” деген билдирүүлөр...
– Мен биздин шоу-бизнестеги мындан да жаман клиптерди көрдүм, ырларды уктум. Меникинде анчалык деле уят нерселер жок деп ойлойм. “Сексуалдуусуң” деп жөн гана татына кыздар жөнүндө ырдап жатам. Жаман нерсе тууралуу ырдаган жокмун да.
– Айтчы, өзүңдү сексуалдуумун деп эсептейсиңби?
– Билбейм эми (күлүп). Сен кандай ойлойсуң? Кыздарга билинсе керек...
– М-м... Аз болсо да күйөрман топтогонго жетиштиң. Көчөдөн таанып калган кыздар тийишишеби?
– Тийишкен дебейин, бирок менин чыгармачылыгымды сыйлаган кыздар көп. Ооба, кол тамга сурап, сүрөткө түшүүнү каалагандар, телефон чалгандар да болот. Аларга жакшы эле жооп берем. Жолугууну сунуштагандарга түшүндүргөнгө аракет кылам. Көбүнчө өз унаамда жүрөм, көчөдө көп деле баспайм.
– Машинаң бар болсо, анда коомдук транспортко түшпөйт экенсиң да?
– Кээде жөө басып, элге аралашып жүргүм келет. Ошондо маршруткага түшөм. Дайым эле машинада жүргөндөн да адам баласы тажайт экен.
– Ушактарга кандайсың?
– Ушактар көп. Мисалы, мени “голубой” деген сыяктуу сөздөргө көңүл бурбайм. Анткени тегерегимдегилер билишет, менин кандай экенимди. Айрымдар клиптен көрүп эле айта беришет. Адамды тааныбай туруп айтпаш керек да. Өзүм эч кимге өчөшпөйм. Ар бир эле ырчынын өз угарманы болот. Мен канча аракет кылсам да, жактырбагандар чыгат. Биздин шоу дүйнөдө пайдалуу, жакшы ырлар чыкса мен сүйүнөм. Эч кимге атаандашпайм.
– Тескерисинче, сен тарапка жакшы таштар деле ыргытылат да. Кандай жакшы сөздөрдү уктуң эле?
– Досторум “таланттуусуң”, күйөрмандарым “сексисиң” дешет. Көбүнчөсү жөнөкөй, боорукер деп билишет.
– Патриот өз эли үчүн эмне кылышы керек?
– Ар бир адам өзүнүн тармагында салым кошо алат. Мен ыр жагынан өлкөмдү таанытсам дейм. Юрмалага барып "Жаңы толкун" сынагына катышкым келет. Өзүм аракетчил баламын. Аракет кылсам, баары болот деп ойлойм.
– Музыка сен үчүн...
– Жашоомдун бир бөлүгү. Эртеден-кечке кулагымдан наушник түшпөйт. Уктап жатып да, тамак ичип жатып да музыка угам. Кыргыздын эски ырлары, өзгөчө Каныкей Эралиеванын ырлары көңүлүмө туура келет.
– Кичинекей Арман кандай эле?
– Кичинекейимде аябай жоош элем. Сүйлөбөй эле отура берчүмүн. Үйдөгүлөр “дудуксуңбу?” деп урушушчу. Азыр деле көп сүйлөгөндү жаман көрөм.
– Жашоодогу негизги максатың...
– Апамды багып, инимди чоңойтуп, өз үй-бүлөмдү куруп “красиво” жашагым келет.
– Студенттик күндөрүң “красиво” өттүбү?
– Ооба. Экинчи курста окуп жүргөндө компьютер ойногонго кетип калып, сабакка барбай калчумун. Ар бир эле студент сыяктуу менде да акча калбай калган учурлар болгон. Андайда балдар 5-10 сомдон чогултуп бир нерсе алып жечүбүз. Троллейбус менен, кээде жөө жүрүүгө да туура келчү.
– Спорт менен машыгасыңбы? “Жүрөктү жүрөк тандасын” деген оюн уюштурганыбызда эң көп отжиманиени сен жасаган элең...
– Ооба, 8 жашымдан баштап бокс менен машыкчумун. Бир жылдан бери эмнегедир убакыт жок болуп, машыгууга барбай калдым. Бирок күнүгө эртең менен чуркайм.
– Келбетиңе кандай кам көрөсүң?
– Ар бир эркек колдонушу керек болгон косметикаларды мен да колдоном. Ал эми визажисттин кызматынан клип тартуу же эл алдына чыгуу учурунда пайдаланууга туура келет.
– Маегиңе рахмат. Чыгармачылыкта талба.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Арман:"Сүйүүмө жетпей калгам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
OMG
2011-10-24 19:49:51
men seni suiooom Armaaan
0
Bekbolot7
2011-10-24 22:47:27
кайдагы эле ырчылар чыгып аткан Кыргызстанда???? Эми козу карын болбой эле кумурска болуп кетишти го
0
Arstan
2011-10-25 03:15:11
Ырчылар чынында жаммман кобойду го.
0
ainura220888
2011-10-25 04:19:44
чын эле жаман кыздарский привычкалары коооооооооооооооооооп экен
0
maniyaso
2011-10-25 06:55:50
Ehhh Arman, sende chynygy talant,bilim bar eken, birok senin klipterin jakkan jok. ushundai talant menen kyrgyz madaniyatyna tuura kelgen klip tartsan sonun bolmok!okunuchtuu azyr kop yrchylar madaniy bagytynda emes, "modern" bolushu uchun araket kylyshkany.
0
tekila
2011-10-26 00:50:16
Влюблена в него!!!
0
OMG
2011-10-26 06:20:02
tekila,
ya toje ego lublu, on znaet otsenit devushek =)
0
ABIL
2011-10-26 03:33:45
barakelde Arman,birok...
0
sestra
2011-10-28 12:39:58
саны коп, сапаты жок ырчылардын бири экен. атандын элесин сыйлап, апандын атын кадыплап, ырынды башкача атасан болмок. УЯТ, УЯТ, УЯТ.
0
Love_kg
2011-10-29 10:40:00
ой поет он нормально, даже все думали что это песня иглесиаса, а название песни они сами знают какое название дадут. живем мы в 21веке, а не в каменном!!!
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан