Стивен Сигал эми Техастын Хадспет аймагынын шерифинин жардамчысы. Жок, бул эч кандай пиар акция эмес. Актёрдун катышуусундагы жаңы телевизиондук шоу деп да ойлобоңуз. Актёр өз элинин патриоту экенин далилдегиси келген окшойт. Учурда Мексика менен АКШнын чек арасында жайгашып, эң криминалдуу деп эсептелген аймакта шерифтин жардамчысы болуп иштеп жаткан кези.