Популярдуу "Париж, мен сени сүйөм!" тасмасынан кийин "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!", "Москва, мен сени сүйөм!" деген сыяктуу фильмдер каптап кетпеди беле. Андан кийин казактар "Алматы, мен сени сүйөм!" деп туурап чыгышкан. Эми ал "илдет" бизге да жеткен өңдүү. Жаштардын табитине төп келип, Бишкек шаарынын кооздугун даңазалаган “Бишкек, мен сени сүйөм!” аттуу комедия жанрындагы тасма тартылды. Фильмге 50гө жакын актёр катышкан жана алардын көпчүлүгү жаштардын курамынан турат. Режиссёрлор Руслан Акун менен Александр Цайдын эмгегинен жаралган тасма кыргыз киносунун жанданышына чоң салымын кошот деген тилектебиз.